Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:33

Түштүк Кореянын банкынын чечими эмне үчүн Кыргызстанга кооптуу?


SWIFT акча которуулардын эл аралык системасы.
SWIFT акча которуулардын эл аралык системасы.

Кореялык Kookmin Bank Кыргызстандагы банктарга сентябрдан тарта доллар менен операция жүргүзүүнү токтоторун жарыялады. Улуттук банк муну Батыштын санкцияларын сактоого байланыштырды. Бул эмне үчүн маанилүү? Кыргызстандын финансы рыногу кандай иш-аракеттерди көрүшү керек?

Kookmin Bank Кыргызстандагы банктар менен иштөөнү токтотууда

Түштүк Кореянын Kookmin Bankы буга чейин 2023-жылдын октябрынан бери кыргыз банктарына SWIFT системасы боюнча долларлык которууларда ар кандай талаптарды жана чектөөлөрдү киргизип келген. Бул жолку чечим ошолордун уландысы катары эсептелүүдө.

Улуттук банк “Азаттыкка” берген жообунда корей банкынын мындай чечимин санкциялык талаптардын күчөп жатышы менен түшүндүрдү.

“Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардын тизмеси менен талаптарынын кеңейип жатканына байланыштуу, чет өлкөлүк банктар тарабынан эл аралык төлөмдөрдү текшерүү жана талдоодо талаптар күчөп жатат. Корреспонденттик тармакты диверсификациялоо жана кеңейтүү үчүн жана кардарларга көрсөтүлгөн кызматтарды үзгүлтүккө учуратпоо максатында, Кыргызстандын коммерциялык банктары чет өлкөлөрдө корреспонденттик тармактарды кеңейтүү жана жаңы алакаларды түзүү иштерин алып барууда. Улуттук банк жаңы корреспонденттик алакаларды түзүү жана азыркыларын сактап калүү үчүн коммерциялык банктарга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп жатат”, - деген билдирүү келди Улуттук банктан.

Статистика көрсөткөндөй, соңку эки жылдан бери кыргыз банктарынын Түштүк Корея менен акча которуулары кескин өскөн. Улуттук банктын бюллетениндеги маалыматка ылайык, Кыргызстандын банктарынан Түштүк Кореяга которулган каражаттын көлөмү 2022-2023-жылдары мурунку жылдарга караганда 11 эседен ашкан. Ал жактан кирген акча дагы 4,5 эсеге өскөн. Эгерде 2022-жылга чейин жыл сайын чыккан акчанын көлөмү 11-25 млрд сом болуп келген болсо, 2022-2023-жылдары 299 млрд сомго чейин жеткен.

"Тышкы соодага сокку урат"

Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары, финансы рыногу боюнча эксперт Сүйөркул Абдыбалытегин коммерциялык банктар жакын арада альтернативдүү чечимдерди таппаса, Кореядагы корреспонденттик өнөктөштү жоготуу өлкөнүн тышкы соодасына олуттуу таасир кыларын айтат:

“Мисалы, чет өлкөгө акча котором же чет өлкөдөн акча алам десеңер, ошол банктын чет өлкөдө корреспондент банкы болуш керек. Кыргызстандын банктарынын корреспонденттик эсептеринин көпчүлүгү бир учурда Орусияда болчу. Доллар, евро төлөмдөрүнүн баарын Орусия банктары аркылуу жиберишчү. Орусияда санкциялар менен жабылгандан кийин, биздин банктар Түркия, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр аркылуу жүргүзгөнгө аракет кылышты. Ошондо акыркы эки жылда Кореянын Kookmin банкы аябай популярдуу болуп аткан. Чет өлкөгө кетип жаткан жана келип аткан акчалардын негизги бөлүгү ошол банк аркылуу берилип жаткан. Ошондон улам Kookmin банктын ролу аябай чоң болчу. Андыктан бул сөзсүз түрдө көйгөй жаратат. Эми альтернатива табыш керек. Мисалы, БАЭ же башка өлкөлөр аркылуу жолун таап кетсе, олуттуу таасир этпеши мүмкүн. Эгерде таба албай турган болсо, бул кескин түрдө биздин экспорттук жана импорттук мүмкүнчүлүктөргө тескери таасирин тийгизет. Же башка валютага өткөргөнгө мажбур болушат”.

Бул окуя Кыргызстан өз финансылык рыногун Орусияга кеңири ачып жаткан мезгилге туш келди. Июлда Кыргызстан Орусиянын санкциядагы “Мир” картасын тейлөөчү өзүнүн программасын даярдап жатканы кабарланган. Өлкөнүн банктар аралык процессинг борбору программалык камсыздоону иштеп чыгары менен апрелден бери бөгөттөлүп келген “Мир” картасын тейлөө кайра уланары маалымдалган. Ошондой эле 10-июлда Красноярск шаарында өткөн кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстанда орус банктарынын филиалдарын ачууну сунуштаган.

Санкциялардын учкуну

Эксперттик чөйрөдө Орусия менен каржылык алаканы кеңейткен сайын Кыргызстандын финансы рыногунун кыйыр санкцияларга кириптер болуу тобокелдиги күчөй берери талкууланып келет. Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев өнүккөн өлкөлөр геосаясий кырдаалга жараша чектөөлөрдү аз-аздан жасап, кыйыр санкциялык чараларды колдонуп келерин айтат:

“Мисалы, Батыш дүйнөсү санкцияларды бир учурда жасабайт. Алар шашпай, аз-аздан күчөтүшөт. Мисалы, Иранга карасак, аларга да санкциялар ушундай маанайда болгон. Бир кадамдын аркасынан экинчи кадам болуп, шашпай, узак убакыттын ичинде муунтуу сыяктуу. Биздин өлкөбүз дагы санкциядагы өлкөлөргө түзбү, кыйырбы, жардам берип жаткандыктан, бул акырындап биздин өлкөгө дагы таасир тийгизет. Азыр жаңы мыйзам долбоору каралып жатат – АКШда бир мыйзам долбоору, Европада бир мыйзам долбоору бар. Ал мыйзам долбоорлорунун пакеттери боюнча Кыргызстандагы каржылык которууларга дагы чектөөлөр каралып жатат. Анан кээ бир банктар алдын ала кандайдыр бир кадамдарга барып атышат. Негизи, 5-6 банк системалар менен иштөөнү чектөө менен алдын ала кадамдарга барган. Мисалы, корреспонденттик банктарды алмаштыруу сыяктуу иштер акыркы 2-3 жылдын ичинде болуп жатат”.

  • Дүйнөлүк финансы рыногунда Kookmin Bankтын таасири чоң болуп эсептелет. Ал активдеринин баасы боюнча Түштүк Кореядагы эң ири төрт банктын жана дүйнөдөгү 60 ири банктын катарында турат.

Адистердин божомолу боюнча, Kookmin Bankтын кыргыз банктары менен SWIFT которууларды токтотушу Кыргызстандын банк секторуна бир кыйла кесепеттерди алып келиши ыктымал. Ушул окуянын жана санкциялык талаптардын кеңейишинин алкагында башка эл аралык банктар дагы кыргыз банктары менен мамилесин кайра карап чыгууга мажбур болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG