Аба ырайы: Күн ачык болот

3-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 3…5° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Комиссиясы кымбат". УКМК "Яндекс.Таксини" тинтти, айдоочулар нааразылыкка чыкты "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу талкууландыӨкмөт үй ээлерине көбүрөөк салык салууну сунуштадыСадыр Жапаров расмий сапары менен Түштүк Кореяга кеттиБишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы алгачкы отурумуна чогулдуУКМКнын жемкорлукка жазаны күчөткөн долбоору ЖКга түштүТрамп Байдендин өз уулуна ырайым бергенин сынга алды