Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Трамп Байдендин өз уулуна ырайым бергенин сынга алды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президент Жо Байдендин өз уулу Хантер Байденге ырайым беришин сындап, "кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана сот адилеттигин бузуу" деп атады.

"Жо Байдендин уулу Хантер Байденге берген ырайымы 6-январда кармалып, бир нече жылдан бери камалып тургандарга (2021-жылы Капитолийге кирип баргандар - ред) да берилет бекен? Бул кызмат абалынан пайдалануу жана сот адилеттигин бузууга жатат", - деп жазды Трамп Truth социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Президент Байдендин өз уулуна ырайым бергенин Республика партиясынын айрым конгрессмендери да сындашты. Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жеймс Комер X соцтармагында "Президент өз үй-бүлөсүнүн коррупциялык ишмердиги тууралуу башынан аягына чейин калп айтып келди. Ал уулунун чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен эч качан жолукпаганын айтып гана алдабастан, уулу эч жаман ишке барбаганын да белгилеп келген. Уулу Хантер Байденге ырайым берилбесин айтып да алдаган", - деп жазды.

Өкүлдөр палатасынын дагы бир мүчөсү Тейлор Грин "Жо Байден - эки жүздүү, алдамчы" -деп белгиледи Х социалдык түйүнүндө.

Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитети аталган соцтармактагы билдирүүсүндө "Президент Трампка каршы сот жараянынан тартып, өзүнүн уулу Хантер Байденге ырайым бергенине чейин - Жо Байдендин кызмат абалынан пайдалануусу АКШ президентинин абийириндеги кара так болуп калды", - деп жазды.

Жо Байдендин уулуна ырайым бергенин айрым демократтар да каршы болушту. Колорадо штатынын губернатору Жаред Полис Байденди ата катары түшүнөрүн айтып, бирок ал президент катары өзүнүн үй-бүлөсүн мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгонун билдирди.

"Муну кийинки президенттер да кыянаттык менен пайдалануусу мүмкүн", - деди ал.

1-декабрь күнү президент Жо Байден уулу Хантер Байденге ырайым берүүнү чечкенин билдирген. "Мен бүгүн өзүмдүн уулум Хантер Байденге ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койдум. Америкалыктар менин ата жана президент катары чечим кабыл алганымды түшүнүшөт деп үмүттөнөм", - деп жазылган билдирүүсүн Ак үй тараткан.

54 жаштагы Хантер Байден быйыл июнда курал сатып алып жатканда маңзат колдонорун жашырып койгону үчүн күнөөлүү деп табылган. Сот арачылардын чечиминен соң, Жо Байден уулуна ырайым бере алса да, бирок бул кадамга барбастыгын жана Хантерди кандай болсо да колдорун билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG