Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу талкууланды


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Чанду, Кытай. 30.11.2024
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Чанду, Кытай. 30.11.2024

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуп, "Бир алкак, бир жол" стратегиясынын алкагындагы долбоорлор тууралуу сүйлөштү. Жолугушуу 30-ноябрь күнү Кытайдын Чэнду шаарында «Борбордук Азия - Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 5-жолугушуусунун алкагында өткөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Жолугушууда тараптар үч өлкө биригип курмакчы болуп жаткан "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушунун маанисин белгилеп, аталган жол "Бир алкак, бир жол" демилгесинин негизги бөлүгү болорун баса белгилешти.

Сүйлөшүү учурунда ошондой эле айыл чарба, энергетика, кайра иштетүү, өнөр жай, транспорт жана банк тармагындагы эки өлкө чогуу ишке ашырып жаткан долбоорлор тууралуу да сөз болду.

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бажы бекеттеринин ишин жакшыртуу жөнүндө сөз болуп, быйыл жаңыдан ачылган "Бедел" чек ара бекетинин иши да белгиленди.

Жээнбек Кулубаев 2024-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын Кытайга экспорттолушу өскөнүн белгилеп, келерки жылдары да өсүүлөр болоруна үмүтүн билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкө жарандарынын бири-биринин аймагына кыйынчылыксыз кирип-чыгуусун шарттоо маселесин да сүйлөштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки министр "Бир алкак, бир жол" стратегиясын, эки өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдардагы кызматташтыгы тууралуу пикир алмашып, аймактагы жана эл аралык маанилүү маселелерди да талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-ноябрда журналисттер менен жолугушуу учурунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун ноябрдын аягында баштоо макулдашылганын билдирген. Анын маалыматында, темир жолдун курулушу Жалал-Абаддан башталмак.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.


Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG