Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Садыр Жапаров расмий сапары менен Түштүк Кореяга кетти


Садыр Жапаров. Архив
Садыр Жапаров. Архив

Президент Садыр Жапаров 2-декабрда Түштүк Кореяга расмий сапар менен кетти. Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, сапар Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен уюштурулган.

Сапардын жүрүшүндө Жапаров Юн Сок Ёл жана Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын (парламенти) төрагасы У Вон Шик менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

“Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат”, - деп жазылган маалыматта.

Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушат. Жапаровдун кореялык бизнес өкүлдөрү менен да жолугушуусу пландалган.

Бир канча жылдан бери кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштурууга байланыштуу атайын программа иштейт. Анын алкагында иштеп келүүнү каалагандар 2-3 айлык тил курстарын окуп, андан кийин корей тилинен тест тапшырышы зарыл. Былтыр жайында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түштүк Кореянын эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Ли Чжон Сик менен жолугуп, кыргыз жарандары үчүн виза берүүнү жеңилдетүүнү, эмгек мигранттарына квотаны көбөйтүүнү сунуштаган.

Былтыр Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1,8 миң квота бөлгөнү айтылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG