Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

"Комиссиясы кымбат". УКМК "Яндекс.Таксини" тинтти, айдоочулар нааразылыкка чыкты


Акциянын катышуучулары. Бишкек. 2024-жылдын 2-декабры.
Акциянын катышуучулары. Бишкек. 2024-жылдын 2-декабры.

“Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары 2-декабрда аталган компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чогулушту. 50дөн ашык айдоочу “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтышты.

Ошондой эле жеңилдетүү берилген кардарларга компания эмес, айдоочулар акча кошуп жатканын белгилешти.

“Мисалы, айдоочу бир айда 120 миң сом тапса, анын 26% “Яндекс“, 4 миң сомун таксопарктар алып жатат. Жалпы 30 миң сомун эле компания алып коюп жатат”, - деди айдоочулардын бири Анжела Касымова.

Алар өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, компаниянын ар бир чакыруудан алынчу комиссияны 7% түшүрүүнү талап кылышты. Акцияга чыккандарга компаниянын атынан эч ким жооп берген жок.

“Яндекс.Таксинин” Бишкектеги кеңсесине чогулган таксисттер. 2-декабрь, 2024-жыл
“Яндекс.Таксинин” Бишкектеги кеңсесине чогулган таксисттер. 2-декабрь, 2024-жыл

Буга чейин “Яндекс.Такси” кызматы айдоочулардан 21% комиссия алып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте көтөрүп чыккан. Көп узабай аталган компаниянын жергиликтүү кеңсесинде атайын кызмат тарабынан тинтүү жүргүзүлдү. “Яндекс.Таксинин” ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

"Яндекс.Таксинин" комиссиясы кымбат"

Кыргызстандык Азат аттуу таксист жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн “Яндекс.Таксинин” ишине нааразы.

“Миң сом тапсаң, 250 сомдой комиссияга кетип калат да. Эми пайызы ылдый болсо, жакшы болот эле. Анткени “Яндекс.Таксиден” сырткары, таксопарк дагы 2% кармайт”.

"Яндекс.Такси" — бул Орусияда негизделген жана азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө иш алып барган такси чакыруу жана жеткирүү кызматын көрсөткөн платформа. Компания такси чакыруу кызматын смартфондогу мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзөт. Ар бир айдоочу тиркеме аркылуу катталып, платформада иштей алат.

"Яндекс.Такси" башында Орусияда гана иштеп баштаган, бирок учурда Борбор Азия, Европанын бир нече өлкөсү жана Жакынкы Чыгыш өңдүү аймактарда да кызмат көрсөтөт. Анын таксиден тышкары, жүктөрдү жана тамак-аш жеткирүү кызматы да бар.

Кыргызстанда бул платформа өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында кеңири колдонулат.

Компаниянын маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 100 миңден ашык айдоочу “Яндекс.Таксинин” тиркемесине кошулган.

"Яндекс.Такси" Кыргызстанда өз кызматын түздөн-түз эмес, жергиликтүү такси компаниялары аркылуу ишке ашырат. Бул моделдин негизинде компания өзүнүн технологиялык платформасын сунуштап, жергиликтүү өнөктөш компаниялар жүргүнчүлөрдү ташуу жана айдоочуларды тартуу иштерин уюштурат.

"Яндекс.Такси" менен иштеген жергиликтүү өнөктөштөр кызматы үчүн өз пайыздарын кошот. Ар кимдики ар кандай: негизинен 2 пайыздан 3,5 пайызга чейин. Мындан улам төлөнө турчу комиссиялар дагы өзгөрүп тураарын Канат аттуу айдоочу билдирди:

“Мен азыр “Алмурутта” иштейм. 3.5% болуптур. Ар ким ар кандай иштейт. Кээ бирлер 1%, кээ бирлер 2%, кээ бирлер 3.5%. Анын үстүнө “Яндекс.Такси” көбүрөөк алып коет. Жалпы жонунан тапканыбыздан дээрлик 20% төлөйбүз. 3 000 сом тапсаң, “Яндекс.Таксиге” 500 сом кетет. Ага кошуп таксопарктарга 100 сом, 120 сом, 150 сомго чейин төлөнөт. Жалпысынан 600 - 700 сом кетет".

“Яндекс.Таксинин” комиссиялары тууралуу маселе 28-ноябрда парламентте дагы көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Министрлер кабинети “Яндекс.Такси” айдоочулардан алып жаткан комиссиянын өлчөмүнө көзөмөл салышы керектигин айтып чыккан:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

“Эмне үчүн “Яндекс.Таксинин” комиссиясы 21 пайызга чейин жетип калды?! Эмнеге ушуга чара көрүлбөйт?! Мына мен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жообун уктум: “Яндекс.Такси” биз берген каттарга дагы жөндүү жооп бербейт” дейт. “2 жолу 13 миң сомдон айыппул салдык” дейт. “Бизди дагы тоготпой жатат” дейт булар. Ошон үчүн “Яндекс.Таксинин” ишмердигин караш керек”.

“Яндекс.Такси” компаниясы Акаевдин ишкана такси айдоочуларынан 21% чейин комиссия алып жатканы тууралуу сөзүнө жооп берип, маалыматты четке каккан. Компания Кыргызстанда сервисти пайдалануунун акысы 10% түзөрүн, ал эми Бишкекте жогорулатылган тарифтерде кошумча нарк салыгын жана сатуудан түшкөн салыкты кошуп эсептегенде 17% ашпай турганын билдирди.

УКМК кылмыш ишин козгоду

Ал арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салыктан качуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган компаниянын жана анын өнөктөштүрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүздү.

"Яндекс. Такси Корп" жана анын өнөктөштөрү Монополияны жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, такси менен алектенген айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат”, - деп маалымдайт атайын кызмат.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө “Яндекс.Такси” жооп кайтарып, Орусиянын РБК агенттигине берген маегинде «Яндекс.Такси» Кыргызстанда салыктарды төлөбөгөндүгү боюнча дооматтар менен макул эместигин, «Яндекс.Такси.Корп» ЖЧКсы мыйзам чегинде иш алып барарын, «Яндекс.Такси» өз кызыкчылыгын коргой турганын белгилеген.

“Компанияга карата монополияга каршы жөнгө салуу чаралары колдонулган эмес”, - дейт РБК агенттигине маек курган “Яндекс.Таксинин” өкүлү.

Белгилей кетсек, Монополияны жөнгө салуу кызматы “Яндекс.Такси” компаниясын Кыргызстандын такси рыногунда монополист деп тапкан.

Экономист Төлөн Абдыров Кыргызстанда чет элдик компаниянын ички рынокту ээлеп алуусуна Монополияны жөнгө салуу кызматынын алсыздыгы себеп деп эсептейт:

"Мисалы 21% көтөрүп койду да. Мурунку кезде пайдасына бир топ салык кошулуп калчу дагы ошон үчүн монополист болууга кызыгуусу болчу эмес. Анткени канча пайыз көтөрсө, ошондон 2 эсе, 3 эсе салыгы көтөрүлүп кетсе, андан эмне пайда деп туруп, ойлонуп калышчу да. Ошол сыяктуу ар кандай ыкмалар бар болчу. Биздикилер жакшы көзөмөлгө албай, чоң монополистти жаратып коюп отурушат".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта “Яндекс.Такси” компаниясына ээлик кылган “Яндекс” бизнес тобунун жетекчиси Даниил Шулейкону кабыл алып, компаниянын айдоочулары салык төлөөгө тийиш экенин эскерткен.

Кыргызстанда “Яндекс.Таксинин” алдында ачылган “Яндекс.Такси.Корп” 2024-жылдын 28-февралында кайра каттоодон өткөн. Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Яндекс.Такси.Корп» ЖЧКсынын жетекчиси Сулайманов Тилек Каныбекович болуп саналат. Ал киши менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, учурда "Яндекс.Таксинин" ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз иштерге катышы бар адамдарды аныктоо жүрүп жатат.

Былтыр декабрда Казакстанда монополияга каршы жүргүзүлгөн чаралардын негизинде “Яндекс.Такси” административдик жоопкерчиликке тартылып, өлкөнүн санарип системасын колдоо фондуна өз ыктыяры менен 3 млрд тенге (6,5 млн доллар) төлөп бергени кабарланган.

Компанияны былтыр күзүндө Орусиянын бийлиги да такси рыногунда монополист деп таанып, бааны көтөрүү, айдоочулардын тапканынан үлүш алуу иштерин сынга алган жана монополияга каршы чаралар көрүлөрүн эскерткен.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG