“Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов жана аны менен кошо айып тагылгандардын сотунда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөп башташты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Кийинки соттук отурум 29-ноябрда уланат.
2023-жылы 13-январда Ош шаарында топ адам бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир киши өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Ош шаардык милициясы адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган Кадырбек Досонов баштаган беш кишини кармаган. Кийин ушул эле ишке байланыштуу жалпы тогуз шектүү колго түшкөнү белгилүү болгон.
Кадырбек Досонов 2023-жылдын ноябрь айында дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган. Бирок кайсыл иш экени айтылган эмес.
Ал буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтун бир катар мүчөлөрү, анын ичинде Кадырбек Досонов да кылмыштуу топтон, мындай идеялардан баш тартканы айтылган видеолор чыккан. (BTo)
Дагы караңыз
АКШ өзөктүк доктринасын өзгөртпөй турганын билдирдиАбактагы Султанбеков добуш сатып алуу боюнча Орунбековдун сөздөрүн четке кактыТоктогул ГЭСиндеги №1 агрегат оңдолуп, ишке берилдиЖК репрессия курмандыктарын актоо долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алдыФутбол: Кыргызстан Иранга 2:3 эсебинде утулду 19-ноябрь: Султанбеков ачкачылыгын улантууда, Украина Орусияны ATACMS менен атканы кабарланды