Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Абактагы Султанбеков добуш сатып алуу боюнча Орунбековдун сөздөрүн четке какты


Темирлан Султанбеков жана Дайырбек Орунбеков. Коллаж.
Темирлан Султанбеков жана Дайырбек Орунбеков. Коллаж.

Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков добуш сатып алуу боюнча президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун сөздөрүнө жооп берди.

Анын тергөө абагынан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Анда укук коргоо органдары партиянын жети өкүлүнөн 28 миң сом гана табышканы, үгүт иштерине катышкан 48 адамга келишим менен шайлоо фондунан акча төлөнгөнүн же төлөнөт деп күтүлүп жатканы айтылат.

Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда бийликчил партияларга мамлекеттик кызматкерлер добуш алууга жардам берген мыйзамсыз иштер тыйылганын, бирок добуш сатып алуу токтобой жатканын жазып, ага Социал-демократтар партиясын мисал кылган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.

Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Темирлан Султанбеков сегиз күндөн бери ачкачылык кармап жатат.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Темирлан Султанбеков милициянын убактылуу кармоочу жайында турганда 16 саат токтоосуз суракка алынганын, “бул процессуалдык жактан мыйзамсыз” деп даттанганын билдирген.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG