Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

АКШ өзөктүк доктринасын өзгөртпөй турганын билдирди


Ак үй. АКШ.
Ак үй. АКШ.

Америка Кошмо Штаттары Орусиянын өзөктүк доктринасынын жаңыланышына жооп катары өзөктүк доктринасын өзгөртпөйт. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин шейшемби күнү тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Орусиянын президенти Владимир Путин19-ноябрда өлкөнүн өзөктүк доктринасын жаңылоо жана кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда өзөктүк курал эгер “аскердик-космостук кол салуу каражаты жапырт старт алганы тууралуу так маалымат” болсо жана эгер ал Орусиянын чек арасынан өтө турган болсо, колдонулушу ыктымал экени белгиленген.

Өзөктүк куралы жок кайсы бир өлкө ошондой куралы бар башка өлкөнүн катышуусу же жардамы менен Орусияга каршы агрессия көрсөтө турган болсо, орус бийлиги муну “алардын биргелешкен кол салуусу” катары карай турганы айтылды. Бирок куралдын мындай түрү ошондой учур жаралса, дароо колдонулабы же жокпу, так жазылган жок.

Орусия мындай кадамын АКШ президенти Жо Байден Украинага америкалык курал менен орус аймагына атууга уруксат бергени кабарланып жаткан чакта жасады.

Байден Украинага АКШ берген алыскы аралыкка атуучу тактикалык ракеталык комплексин (ATACMS) колдонууга уруксат бергени 17-ноябрда кабарлана баштаган. Азырынча бул боюнча расмий маалымат бериле элек. ATACMS атуу радиусу 300 чакырымды түзөт.

Орусия өзүнүн өзөктүк доктринасын кайра карап чыгары быйыл 25-сентябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарыялаган. Ошол учурда Украинага Орусиянын алыскы аймактарына сокку урууга уруксат берүү маселеси талкууланып жаткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG