Абхазия жана Түштүк Осетия Кавказдагы жикчил аймактар. Дүйнө өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын көбү аларды Грузиянын бир бөлүгү деп тааныйт. Өз алдынча өлкө катары аларды алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган.
Оппозиция Бжанияга кечээ, 15-ноябрда, кызматтан кетүүдөн баш тарткан соң ультиматум койгон. Ага ойлонуу үчүн бир саат берилген. "Эгер ал отставкага кетпесе, анда биздин эмне кыларды билесиздер. Биз анын кайда экенин табабыз", – деп билдирген оппозиция лидерлеринин бири Леван Микаа.
"Свобода" радиосунун жазганына караганда, кийинчерээк Бжаниянын шаардан чыгып кеткендиги маалым болгон. Анын пресс-кызматынын айтымында, ал түн ичинде Сухумиден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Тамыш айылына жеткен. Оппозициянын маалыматы боюнча, Бжания азыр орус аскердик базасында болушу мүмкүн.
"Эгерде президент эртең менен байланышпаса, анда [...] парламент кворум аркылуу кызматтан кетүү маселесин чечиши керек", – деди Микаа.
Кечээ, 15-ноябрда, жүздөгөн адамдар административдик комплекс алдына митингге чыгышып, Орусия менен болгон инвестициялык келишимге каршы болушкан. Абхазия бийлиги бул келишимди жергиликтүү экономиканын стимулу катары караса, оппозиция аны республиканын кызыкчылыгын "түздөн-түз сатуу" деп эсептейт.
Ошол эле учурда оппозиция лидерлери нааразычылыктар Бжаниянын саясатына гана багытталганын, ал эми Орусияга каршы эместигин белгилешти. Орусияны алар "стратегиялык өнөктөш" жана "коопсуздуктун жалгыз кепилдиги" деп аташуда.
Нааразы болгондор орус желегин көтөрүп, бийликтин Орусияга каршы маанайдагы айыптоолоруна жооп иретинде "Орусия!" деп кыйкырышты.
Дагы караңыз Абхазия: митингге чыккандар парламенттин имаратына кирип бардыПротест учурунда митингчилер өкмөттүк имараттар жайгашкан комплекс айланасындагы тосмонун бир бөлүгүн бузуп киришип, андан соң парламент жана президенттик администрациянын ичине өтүшкөн. Акциянын катышуучулары милиция кызматкерлерине жумуртка жана бөтөлкө ыргытышты.
“Милиция көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонушкан, бирок катуу каршылык көрсөтүлгөн жок” деп белгилейт "Эхо Кавказа". Парламент жанында ок атылган үн угулган. 13 киши жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылган.
Нааразычылык митингинин фонунда парламент Москва менен болгон инвестициялык келишимдин ратификациясы боюнча сессиясын жокко чыгарды. Кийинчерээк президенттик администрация келишимди артка кайтарууга убада берди.
• Абхазия менен Түштүк Осетия өздөрүнүн көз карандысыздыгын 1990-жылдардын башында эле жарыялашкан. 2008-жылдагы Грузия менен болгон согуштун жыйынтыгында Орусия алардын көз карандысыздыгын таанып, эки республиканы тең орус аскерлери жайгашкан.
• Кийинчерээк БУУга мүчө болгон дагы төрт мамлекет – Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия – Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган. БУУнун документтеринде бул эки аймак Грузиянын региондору деп аталат. Тбилиси Абхазия менен Түштүк Осетияны расмий түрдө орус армиясы тарабынан басып алынган деп эсептейт.
Абхазиянын бийлиги нааразылык толкунунун шартында Орусия менен болгон инвестициялык келишимди артка чакырууга убада берди. Бул келишим Орусиянын долбоорлоруна эки миллиард рублден ашкан инвестициялар менен олуттуу жеңилдиктерди караган. Ар бир мындай долбоор өз алдынча же андан ашып кеткенде, мыйзамсыз жарыяланган республиканын бюджетинин төрттөн бир бөлүгүнө барабар болмок, деп белгилейт "Эхо Кавказа" Радио Эркин Европа/Азаттык үналгысынын долбоору. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) позициясы боюнча Абхазия Грузиянын бир бөлүгү катары эсептелет.
Абхазия - Орусия мамилеси
Кызыгы, Орусия менен болгон инвестициялык келишимге каршы чыккандар нааразылыкты Орусияга каршы чыкты деп эсептешпейт. Абхазиядагы окуяларга "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын журналисти Георгий Кобаладзе комментарий берди:
"Маселе, акыркы 16 жыл ичинде, Орусия Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныгандан кийин, Москва өзүнүн стратегиялык позициясын бекемдегенинде. Абхазияда орус аскерлери, бир нече аскердик база бар, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Абхазиянын чек араларын, анын ичинде деңиз аймактарын толугу менен көзөмөлдөйт. Абхазиялык элита Орусиянын Украинадагы аракеттерин колдоп, Түркия менен кызматташат, ал жерде чоң абхаз диаспорасы жашайт. Бирок Абхазия жүз пайыз Орусияга көз каранды экенин эске алганда (орусиялык бюджеттик которуулар, орусиялык туристтер, орус рыногу), Москвадагы айрым чөйрөлөр Абхазиядагы таасирин кеңейтип, аны чоң Сочинин уландысына айлантып, экономикасын бекемдеп, мүмкүн болсо демографиялык абалга да таасир этүүнү чечкендей. Бул жерде баса белгилөө маанилүү: СССР урагандан кийин Абхазияда чоң жеке менчиктештирүү болгон эмес. Бардык баалуу нерселер: ири санаторийлер, жээк тилкеси жана башка көптөгөн нерселер мамлекетке таандык бойдон кала берген, бирок аларды абхаз элитасы башкарат. Москва тарабынан сунушталган жана колдоого алынган инвестициялык келишим абхаз элиталарын бул экономикалык секторлорго болгон көзөмөлүн жоготуп коюу коркунучунан чочулаткан, бул алардын бул маанилүү ресурстардан четтетилишине алып келиши мүмкүн эле".
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2024-жылга карата Абхазиянын бюджетинин киреше бөлүгү 12 миллиард рублден бир аз ашык болсо, чыгаша бөлүгү дээрлик 13 миллиард рублди түзөт. Демек, бюджет тартыштыкта. Ал эми Орусиядан келген акча олуттуу сумманы түзөт.
Москвадан болгон азырынча жалгыз реакция – Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Абхазияга баруудан кармануу сунушу. Саясат таануучу Иван Преображенский Кремлден эч кандай саясий реакция күтпөйт.
– Эч кандай саясий реакция болбошу керек, анткени Кремль бир эле учурда Абхазия конфликтиндеги эки тарапта тең турат. Негизинен, бул Абхазияны көзөмөлдөөгө болгон күрөш, бирок ал эч кандай ички абхаздык чыр-чатак эмес. Бул жагынан мен көптөгөн кесиптештерим менен макул эмесмин. Абхазияны көзөмөлдөө Москвада акырындап өзгөргөнү ачык көрүнүп турат. Алгач Абхазия вице-премьер Александр Новактын жоопкерчилигине кирген, ал эми быйыл май айында жаңы өзгөрүү болду – президенттик администрациянын мурдагы кызматкери, Сурковго жакын адам Инал Ардзинба Абхазиянын тышкы иштер министри кызматынан кетүүгө аргасыз болду.
Оппозициянын талабынан кийин Сухумиден чыгып кеткен Аслан Бжания 2020-жылдагы президенттик шайлоодо оппозициянын өкүлү катары бийликке келген. Алсак, Абхазияда президенттик шайлоо 2019-жылы сентябрь айында өткөн. Анда ошол учурдагы президент Раул Хажимба жеңип чыкканы жарыяланган. Бирок шайлоонун мындай тыянагы жапырт нааразылык акцияларына себеп болгон. Натыйжада Хажимба кызматтан кетип, 2020-жылы 22-мартка кайра шайлоо дайындалган. Аны жогоруда айтылгандай, 59% добуш алып, ошол кездеги оппозициячыл экс-депутат Аслан Бжания утуп чыккан.