Мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын, пансионаттардын, эс алуучу жана башка жайлардын аймагында кумаркана ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу Токтом. кg сайтына жарыяланды.
"Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, "оюн-зоок жайы толук же жарым-жартылай мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп эсептелген кыймылсыз мүлк объекттеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объекттеринде жайгаштырылышы мүмкүн эмес" деген чектөөлөр күчүн жоготту.
Жогорку Кеңеш 30-октябрда кабыл алып, президент Садыр Жапаров 4-ноябрда кол койгон бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрлер кабинети оюн-зоок жайларын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарда жана курулмаларда жайгаштырууга уруксат берүү туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатууга да мүмкүндүк берет деп белгилеген.
Финансы министрлигинин маалыматына караганда, былтыр оюн-зоок субъекттеринен 118,5 млн сом салык төлөнгөн. Быйыл тогуз айда бул тармактан түшкөн салыктын суммасы 208,7 млн сомду түзгөн.
Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын башында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.
Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.(ZKo)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталадыДепутат Акаев Орусия куруп берчү мектептердин баасы жогору экенин айтты Быйыл кызамыкка 13 475 адам чалдыкты, үч бала чарчап калдыБүбү-бакшылыкты жарнамалоого тыюу салынды"Банктагы 140 миң сомум жок". Салык кызматы карызды ишкерлердин эсебинен алууда