Шашылыш билдирүү: 13-14-ноябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
15-16-ноябрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1…-3° жеткен үшүк жүрөт.
13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чаачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 18-23 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 1…3°, күндүз 2…4° жылуу болот.
Дагы караңыз
Орусиянын аэропортунда кыргызстандыктар аскерге чакыруу алганына түшүндүрмө берилдиАта-энесине камкордук кылбаган балдарды мурастан ажыратуу мыйзам долбоору артка кайтарылдыДепутаттар пикир үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунушташуудаЖогорку сот Жоомарт Карабаевдин Илимдер академиясына каршы арызын четке кактыМаданият министрлиги Next TV телеканалын текшере баштады