Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Орусиянын аэропортунда кыргызстандыктар аскерге чакыруу алганына түшүндүрмө берилди


Орусиядагы аэропорттордун бири.
Орусиядагы аэропорттордун бири.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында 7-ноябрда Бишкек-Челябинск каттамындагы учак менен келген жарандарды аэропортто күч кызматкерлери текшерип, кээ бирине аскерге чакыруу берилгени тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Министрлик 12-ноябрда тараткан билдирүүдө медиадагы маалыматтан соң Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулдугу Орусиянын тиешелүү органдары менен жолукканы айтылат. Анда Орусиянын аймагына киргизилбей, Челябинск аэропортунда Кыргызстанга кайтаруу үчүн кармалып турган кыргыз жарандары жок экени аныкталган.

Ошондой эле ТИМ 2024-жылдын 7-ноябрында жүргүнчүлөр Бишкектен эмес, Ош-Челябинск каттамы аркылуу учуп барганын да кошумчалаган.

Орусиядагы "Доступ" интернет басылмасы 7-ноябрда Бишкек-Челябинск каттамындагы учак менен келген 250гө чамалуу жүргүнчүнү жана аларды тосуп алган жарандарды аэропортто күч кызматкерлери текшерүүгө алганын жазган. Басылманын кабарчысы орус жарандыгын алган кыргызстандыктарга ошол жерден аскерге чакыруу кагазы берилгенине күбө болгонун билдирген.

Расмий маалыматка караганда, быйыл жарым жылда Кыргызстандын 9 901 жараны Орусиянын аймагынан чыгарылган, 174үн өлкөдөн депортациялоо чечими кабыл алынды. 2024-жылдын июнь-август айларында ар кандай себептерден улам Кыргызстандын 300гө жакын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынып, мекенине кайтарылган.

ТИМ кыргызстандыктарга Орусиянын чек арасында текшерүүлөр мындан ары да күчөй турганын эскертип, тийиштүү документтерин алдын ала ырастап, даярдап алууга чакырган.

Быйыл жазында "Крокус Сити Холл" борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн кармалгандардын көбү тажикстандык мигранттар экени белгилүү болгондон кийин Орусияда Борбор Азиядан баргандарга мамиле катаалдаган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG