Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшере баштады


Next TV телеканалынын логотиби.
Next TV телеканалынын логотиби.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Бишкек шаарынын тургуну Адылбек уулу Санжардын арызынын негизинде Next TV телеканалын текшере баштады. Бул тууралуу оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда Бишкек шаарынын тургуну Адылбек уулу Санжардын Маданият министрлигине жазган каты кошо жарыяланып, арызда Next TV телеканалы чет элдик маалымат каражаттарын “Настоящее Время”, “Азаттык Медиа”, ошондой эле “TMedia” жана “PolitKlinika” сыяктуу ЖМКлардын телепрограммаларын көрсөтүп, коомго туура эмес маалымат таратып жатканын, муну менен Next телеканалы жана "Арча Медиа" Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жатканы айтылат.

Ошондой эле берүүлөрдүн көпчүлүгү орус тилинде көрсөтүлөрү жазылган.

Равшан Жээнбеков аталган медиалар менен бир нече жылдан бери расмий келишимдердин негизинде иштеп жатканын, Маданият министрлигинин бул аракетин көз карандысыз маалымат каражатына жана өзүнө кысым катары баалады.

Маданият министрлиги текшерүү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Next TV телеканалына оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков ээлик кылат. Аталган телеканалга буга чейин да текшерүүлөр болуп, 2022-жылы Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) телеканалга каршы "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен иш козгоп, ошол убактагы жетекчиси Таалайбек Дүйшөмбиевди камакка алган, телеканалдын эфири үзгүлтүккө учураган.

Тергөө телеканал "Кыргызстан Орусияга Украина боюнча жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалымат жарыялаган" деп билдирген.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерген чечим чыгарган. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG