Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:33

Жогорку сот Жоомарт Карабаевдин Илимдер академиясына каршы арызын четке какты


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Кыргызстандын Жогорку соту 12-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин кызматынан мыйзамсыз бошотулганын айткан арызын карап, Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Маалыматты Карабаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев "Азаттыкка" ырастады.

"Карабаевдин арызын Ленин райондук соту 5-февралда карап, канааттандырган эмес. Апелляциялык арызды Бишкек шаардык соту 17-апрелде карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Шаардык соттун чечиминен кийин, Жогорку сотко кассациялык арыз жазганбыз. Бүгүн Жогорку сот ал чечимдерин күчүндө калтырды", - деди адвокат.

Жогорку сот чечим тууралуу маалымат бере элек.

Жоомарт Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыкканы үчүн кызматтан мыйзамсыз бошотулганын билдирип, жыл башында сотко кайрылган.

2-июлда УКМК кызматкерлери аны суракка алгандан кийин кармаган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып коюлуп, камакка алынган. Тергөө абагында жаткан кезинде да Карабаев Улуттук илимдер академиясынын жетекчилигин "мажбурлап экспертиза жасатат" деп айыптаган билдирүү тараткан. Академия жетекчилиги муну четке каккан.

Октябрда үй камагына чыккан 27 жаштагы Жоомарт Карабаев Бишкектеги Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. Фейсбукта бийликтин айрым кадамдарын сындаган постторду жазып келген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG