Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Депутаттар пикир үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунушташууда


Коллаж
Коллаж

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.

Ага чейин айрым депутаттар жаза айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунуштаган.

Депутат Дастан Бекешевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мыйзам долбоору комитеттин 12-ноябрдагы кароосунан алынышына баяндамачынын келбей калганы себеп болгон.

"Жаза айып пулдун өлчөмүн азайтуу сунушу мурдатан эле берилип келе жаткан. Мен миң сомго чейин түшүрүлсүн дегем, айрымдар жеке адамдар үчүн айып пул 20 миң сом, ал эми юридикалык тараптарга 65 миң сом болсун деп жатышат", - деди депутат.

Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору өлкөдө сөз эркиндигине каршы келерин белгилеп, каршылыгын билдирген депутаттардын бири.

Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окуудан кабыл алган.

Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

Жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Демилгечилер Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүгө маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнү себеп болгонун айтып келет.

Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар мыйзам өлкөдө пикирин ачык айтууну жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыгын билдиришүүдө.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG