Ата-энесине камкордук кылбаган балдарды мурастан ажыратуу мыйзам долбоору артка кайтарылды

Карылар үйү. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер комитети 12-ноябрдагы отурумунда улгайган ата-энесине камкордук көрсөтпөгөн адамдарды мурастан ажыратууну караган мыйзам долбоорун 1-окуудан карап, артка кайтарды.

“Жарандык кодекске” өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоорунда жашы өтүп калган маалда ата-энесин бакпай, карылар үйүнө жеткирип койгондор жана мурас калтырган кишинин же мурас алуучу кишинин өмүрүн кыйгандар мурасты алууга укуксуз деп көрсөтүлгөн.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбооруна Министрлер кабинети терс корутунду бергенин комитет мүчөлөрүнө маалымдады. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мыйзам долбоору мураскерлик институтту бузууга жатарын билдирди.

"Башкы прокуратура мыйзам долбооруна терс корутунду берген. Идеясы туура болгону менен, улгайган ата-энесин карабай, карылар үйүнө жеткирип койгон балдарды минтип жазалоонун кажети жок. Андай балдарды кылмыш жоопкерчилигине тартып, алимент өндүрсө болот. Конституцияга ылайык, ар бир жаран мураска укуктуу".

Коңкубаева мыйзам долбоорунда "ата-энесине беш жылдан кем эмес камкордук кылган" деген эреже бардыгын эскертип, бул мөөнөт бүткөн соң, ата-энесин карабай коюушу, аягы кейиштүү окуялар менен аякташы ыктымалдыгын да кошумчалады.

Марлен Маматалиев демилгелеп жаткан мыйзам долбоорун бир жылдан ашуун убактан бери иштеп келе жатканын айтып, кесиптештерин долбоордун концепциясын колдоп берүүсүн өтүндү.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун артка кайтарып, демилгечилерге аны жакшылап иштеп чыгууну сунушташты.

Аталган мыйзам долбооруна мазмуну окшош - Эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин карабай, таштап кеткендердин жазасын күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 17-октябрда үчүнчү окууда кабыл алган.

Мыйзам долбооруна ылайык, Кылмыш-жаза кодексине, Үй-бүлө кодексине, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Алимент төлөө жөнүндө норма да каралат, 50-100 миң сом айып пул салынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Кыргызстанда алимент өндүрүү тууралуу берилген арыздардын арасында ата-энелер уулуна же кызына каршы жазган арыздар да каттала турганы маалымдалган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында учурда Кыргызстанда балдарынын багуусуз калган 3655 карыя бар. Булар социалдык кызматкерлердин кароосунда.

Бишкекте мамлекет каржылаган Карылар үйү бар. Андан тышкары соңку жылдары багар-көрөрү жок, жардамга муктаж кары-картаңдар үчүн жеке жайлар ачылып жатат. Адатта алар кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен иштейт.(ZKo)

Дагы караңыз

Маданият министрлиги Next TV телеканалын текшере баштадыОрусиянын аэропортунда кыргызстандыктар аскерге чакыруу алганына түшүндүрмө берилдиОрус аэропортунда кыргыз жарандарын эмнеге текшеришти?Депутаттар пикир үчүн айып пулдун өлчөмүн азайтууну сунушташуудаЖогорку сот Жоомарт Карабаевдин Илимдер академиясына каршы арызын четке какты