ЕБ Украинага жөнөткөн снаряд санын быйыл 1,5 миллионго жеткирет

Жозеп Боррел.

Европа Биримдиги Украинага убада кылып, бирок толук аткара албай келаткан жардамын жакын арада аягына чыгарат. Бул тууралуу 11-ноябрда биримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел билдирди.

Киевдеги эки күндүк иш сапарынын жыйынтыгы боюнча "Європейська правда" басылмасына курган маегинде ал 1 миллион артиллериялык снаряд жөнөтүү убадасы берилгенин, буга чейин анын 980 000и жеткирилгенин айтты:

"Бул жардамды жазга чейин беребиз деп милдеттенме алдык эле. Бирок аны кыла алган жокпуз. Бирок жыл соңуна чейин аткарабыз. Дээрлик аяктайын деп калдык", — деди Боррел.

Анын айтымында, жалпысынан жыл соңуна чейин Украина 1,5 миллиондон ашуун снаряд алат. Себеби Чехия 500 миң снаряд өзүнчө убада кылган.

Боррел 9-ноябрда Киевге барып, украин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү жана Евробиримдиктин колдоосу мурдагы бойдон экенин билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия аёосуз чабуулдарын улантып жатканын, өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда кезектеги кечки кайрылуусунда айтты. (RK)

Дагы караңыз

Сырский Орусия Курскидеги украин аскерлерин сүрүп чыгарууга камданып жатканын айттыСадыр Жапаров Кыргызстан Газага гумжардамды "үзгүлтүксүз улантуу аракеттерин көрүп жатканын" айтты11-ноябрь: "Бишимбаев абакта жок" деп жазгандар текшерилет, Онкология борборунун жетекчиси кызматтан кеттиОрусияда кайрымдуулук үчүн Украинага 51 доллар которгон аялдын өкүмү өзгөрүүсүз калды