Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:40

Сырский Орусия Курскидеги украин аскерлерин сүрүп чыгарууга камданып жатканын айтты


Александр Сырский.
Александр Сырский.

Орусия Украина менен чек арасындагы Курск облусуна он миңдеген аскерин топтоп, украиндер көзөмөлдөп турган жерлерин кайрадан өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатканын бүгүн 11-ноябрда украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди.

"Алар биздин аскерлерди сүрүп чыгарып, биз көзөмөлдөп турган аймакта алдыга жылууга аракет кылып жатышат. Биздин жоокерлердин бектиги болбосо душман, орус армиясынын мыкты бөлүктөрүнүн ошол он миңдеген аскери биздин позицияларга чабуул коймок", - деп жазды Сырский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.

Сырский Курскиде орусиялыктар менен катар Түндүк Кореянын миңдеген аскери топтолуп турганын, алар контрчабуул жасашы ыктымал экенин 9-ноябрда айткан.

Украин президенти Владимир Зеленский Курскиде украин аскерлери "душмандын дээрлик 50 миңдей тобун тосуп турганын" 11-ноябрда Telegram каналына жазды.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Ошондон бери эң көп жоготууга быйыл октябрда туш болгонун Улуу Британиянын коргонуу штабынын башчысы Энтони Радакин айтууда. Анын маалыматына караганда, өткөн айда Украинадагы согушта каза болгон жана жараат алган орус аскерлеринин саны бир күндө 1,5 миңге жетип жатты.

Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, Москва аларды Украинага каршы согушка салууну көздөп жатканын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.

Украина Орусиянын Курск облусунда 1 000 чарчы чакырым жерди ээлеп турганын билдирген. Ал жакка украин аскерлери быйыл 6-агустта кирип барышкан. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген.

Сырский Украина Курскиге кирген күндөн тартып 7 905 орус аскерин жок кылганын, дагы 12 220сы жараат алганын, 717си туткунга түшкөнүн 6-ноябрда билдирген. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG