Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

11-ноябрь: "Бишимбаев абакта жок" деп жазгандар текшерилет, Онкология борборунун жетекчиси кызматтан кетти


24 жылга соттолгон экс-министр Куандык Бишимбаев жана анын колунан каза тапкан Салтанат Нукенова
24 жылга соттолгон экс-министр Куандык Бишимбаев жана анын колунан каза тапкан Салтанат Нукенова

11-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинде Садыр Жапаров Газага гумжардам киргизүү үчүн чек араларды ачууну сунуштады

Эр-Рияд шаарында Жапаров жаңжалдагы тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана “эки мамлекет” идеясын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуштады. “Алдыда кыш кирип жаткандыгына байланыштуу, Израил өкмөтүнөн Газа тилкесине гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн чек арадагы өтүүчү жайларды ачып, Газа элине жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылууга чакыруу керек. Кыргызстан Газа тилкесиндеги бир туугандардын азабын жеңилдетүү үчүн бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөттү жана жардамды үзгүлтүксүз улантуу аракеттерин көрүүдө”, - деди Жапаров. Ал Кыргызстан палестин-израил жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүдө дүйнө коомчулугунун күч-аракетин бириктирүүнү колдой турганын 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде да белгилеген.

Саламаттык сактоо министрлиги трансгендер жарандарга көмөк көрсөтүү боюнча жобо даярдап, коомдук талкууга чыгарды

Документте трансгендер жана түрдүү гендер адамдарга көрсөтүлүүчү медициналык-социалдык жардам жана алардын гендердик иденттүүлүгүн медициналык күбөлөндүрүүнүн тартиби жазылган. Мекеменин маалыматында 2020-жылы алгачкы жолу трансгендер тургундардын арасында формативдик баалоо жүргөнү, азырынча алардын санын так аныктаган көрсөткүчү жок экени жазылган. ЮНЭЙДС уюмунун маалыматына таянып жазганда, Кыргызстанда 3449 трансгендерлүү адам жашашы мүмкүн деп белгиленген. Изилдөөлөр жынысын өзгөртүүнү каалаган адамдар медициналык жардам алууда кыйынчылыкка туш болору, дарыгер-эндокринолог дайындабаган гормоналдык дары-дармектерди колдонуп, ден соолугуна олуттуу көйгөй жаралган учурлар бар экенин көрсөткөн. Республикалык СПИД борборунун мурда берген маалыматына караганда, Кыргызстанда да кумсалар, секс кызматкерлер, трансгендер коомчулуктары, маңзат колдонгон топтор - ВИЧ илдети тароо коркунучу жогору болгон сектор катары саналат. Кыргызстандыктардын ультра-улутчул катмарында ЛГБТ коомчулугуна сабырсыз мамиле бар. Укук коргоочулар жыныстык азчылык өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаганы маалым болгон.

Улуттук Онкология борборунун жетекчиси Бактыгүл Султангазиева кызматтан алынды

Султангазиеваны Улуттук онкология борборунун жетекчилигинен алуу сунушун мурдараак саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетине киргизген.
Султангазиеванын ишмердигин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сындаган. Депутат Айсулуу Мамашева аны онкологиялык оорулууларды өзүнүн жеке клиникасына барып дарыланууга мажбурлайт деп айыптаган. "Азаттыктын" журналисттери атайын иликтөө жарыялаган. Депутаттардын дооматтарына Султангазиева эч кандай комментарий берген эмес. Бактыгүл Султангазиева аталган борборду 2021-жылдан бери жетектеп келген. Эми жетекчинин милдетин аткаруучу болуп орун басары дайындалды.

ИИМ мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштады

Маалыматка ылайык, ушул тапта мас болуп машине айдагандар бир жылга айдоочулук күбөлүгүнүн ажыратылса, эми аны эки жылга узартуу сунушталды. Эгерде экинчи жолу рулга мас болуп отурса, айдоочулук күбөлүктөн төрт жылга ажыратылат. Андан тышкары автоунаасы убактылуу мамлекетке алынат. Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, алкоголдук ичимдик ичкен-ичпегенин аныктоо үчүн наркологияга баруудан баш тартса үч суткага камакка алынат. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрнист Айдаралиев мас абалында машине айдаган айдоочуларды күбөлүгүнөн ажыратпай, айып пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштап, мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Израил Газада "гуманитардык зонаны" кеңейтип жатканын кабарлады

Газа секторунда дүйшөмбүгө караган түнү Израилдин соккуларынан дагы 11 кишинин өмүрү кыйылды. Reuters маалымат агенттиги билдирди. Анклавдын борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагерине абадан чабуул жасалганы, каза болгондордун жетөө ошол жерде экени, калган төртөөнүн өмүрү Бейт Лахия шаарында үзүлгөнү маалымдалды. Израил Газада мурдагы мектептин имаратында жашынып отурган жеринен АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАСтын тарапташы "Ислам жихады" тобунун командири Мохаммад Абу Сахилди жок кылганын кабарлады. Сектордун Жабалия шаарындагы үч оорукананы бир нече аптадан бери израилдик аскерлер көзөмөлдөөдө, дарыгерлер ал жактан чыгып кетүүгө каршы болуп, азык-түлүк, медициналык каражаттар жетишпей жатканын айтууда. Израил ХАМАС жайкын тургундарды өзүн калкалоо үчүн колдонуп жатат деп айыптоодо.

Кремль президент Путин менен АКШнын шайланган президенти Трамп сүйлөшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөп жатат

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Сүйлөшүү болгон эмес. Бул чындыкка таптакыр дал келбеген, ойдон чыгарылган, жөн гана жалган маалымат", - деди. Орус президенти менен америкалык жаңы лидер ортосунда кандайдыр бир байланыш пландалып жатабы же жокпу деген суроого Песков "азырынча конкреттүү план жок" деп билдирди. Washington Post басылмасы 10-ноябрда жеке булактарына таянып, Трамп 7-ноябрда Путин менен телефондон сүйлөшүп, Украина маселесин такуулаганын, Киев бул сүйлөшүү тууралуу кабардар болгонун, каршылыгын билдирбегенин жазган. Трамп шайлоодогу жеңишинен кийин Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн Reuters да кабарлаган. Путин Трамптын шайлоодогу жеңиши менен бир күндөн кийин бейрасмий куттуктап, аны менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирген.

Казакстанда "Бишимбаев абакта жок" деген маалыматты таратуу боюнча иш козголду

Жубайынын өлүмү үчүн соттолгон мурдагы министр Куандык Бишимбаев кайсы абакта экени белгисиз болуп, анын колонияда жоктугу тууралуу маалымат тараткан авторлор жазага тартылышы мүмкүн экени кабарланды. "Азаттыктын" казак кызматы 11-ноябрда жазгандай, Казакстандын Ички иштер министрлиги ошондой маалыматты жарыялагандар боюнча иш козгоду. Airan деп аталган YouTube каналдын кабарчылары Бишимбаев отурган Акмоло облусунун Аршалы айылындагы колонияга барып, андан интервью алууга аракет кылышкан. Бирок абактын кызматкерлери андай киши аларда жок экенин айтышкан. Кабарчылар ушул эле облустун Степногорск айылындагы колонияга да барышкан, ал жактан да экс-министр боюнча маалымат ала алышкан эмес. Ошондон кийин орусиялык Telegram каналдарга Бишимбаев абактан качып кеткени, аны түрмөдөн таба албай жатышканы тууралуу маалымат чыккан. Быйыл 13-майда Бишимбаевди Астананын райондук соту Салтанат Нукенованы "өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн" деп 24 жылга эркинен ажыраткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG