Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:14

Садыр Жапаров Кыргызстан Газага гумжардамды "үзгүлтүксүз улантуу аракеттерин көрүп жатканын" айтты


Садыр Жапаров жана ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд (оңдо). Эр-Рияд. 10-ноябрь, 2024-жыл.
Садыр Жапаров жана ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд (оңдо). Эр-Рияд. 10-ноябрь, 2024-жыл.

Президент Жапаров Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Израил бийлигинен чек араны ачып беришин талап кылууну сунуштады. Бул тууралуу 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Ал эл аралык коомчулук бейкүнөө жарандардын, анын ичинен наристе, өспүрүмдөр менен аялдардын өмүрү кыйылганын айыпташы керектигин белгиледи. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешин жана Башкы Ассамблеясын зордук-зомбулукту токтотуу жана чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Жапаров жаңжалдагы тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана “эки мамлекет” идеясын илгерилетүү боюнча эл аралык аракеттерди колдоону сунуштады.

“Алдыда кыш кирип жаткандыгына байланыштуу, Израил өкмөтүнөн Газа тилкесине гуманитардык жардамдарды жеткирүү үчүн чек арадагы өтүүчү жайларды ачып, Газа элине жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылууга чакыруу керек. Кыргызстан Газа тилкесиндеги бир туугандардын азабын жеңилдетүү үчүн бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөттү жана жардамды үзгүлтүксүз улантуу аракеттерин көрүүдө”, - деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстан палестин-израил жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүдө дүйнө коомчулугунун күч-аракетин бириктирүүнү колдой турганын 6-ноябрда Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде да белгилеген.

ИКУ 1969-жылы негизделген. Ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоо максатында түзүлгөн бул уюмга 57 мамлекет мүчө. Баш кеңсеси Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жайгашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG