Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Орусияда кайрымдуулук үчүн Украинага 51 доллар которгон аялдын өкүмү өзгөрүүсүз калды


Ксения Карелина.
Ксения Карелина.

Орусияда америкалык жана орусиялык жарандын сот өкүмү жогорку инстанцияда каралып, күчүндө калтырылды. Бул тууралуу 11-ноябрда Екатеринбургдун сот мекемеси Telegram каналы аркылуу билдирди.

Ксения Карелина "мамлекетке чыккынчылык" деген айыптын негизинде быйыл август айында 12 жылга эркинен ажыратылган. Прокуратура аны 15 жылга абакка кесүүнү сунуш кылган.

Адвокат Михаил Мушаилов Карелина акча которгону чын экенин моюнуна алганын, бирок сот өкүмүнө каршы апелляция берерин айткан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Карелина мыйзам бузбаганын, Украинага жана анын элине жардам көрсөтүү кылмыш эмес экенин билдирген. Мекеменин басма сөз катчысы Ведант Пател өкүмдү чечкиндүү түрдө айыптап, Кремль "ички репрессияны күчөтүп жатканын" айткан.

33 жаштагы Карелина АКШга 2015-жылы көчүп барып, америкалык жаранга күйөөгө чыккан жана 2021-жылы бул өлкөнүн жарандыгын алган.

Быйыл январда Орусияга туугандары менен жолугушууга барган Карелинаны кармап кетишкенде ага алгач полиция кызматкери менен уруша кеткени үчүн «ээнбаштык» деген айып тагылган. Кийин телефонун текшерип, Украинага колдоо көрсөткөн америкалык уюмга бир нече күн мурда 51 доллар өлчөмүндө жардам жөнөткөнүн аныкташкан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG