Орусиянын аскердик күчтөрү Каспий деңизинен жана анын айлана-тегерегинен Украинага сокку уруп жаткандай. Алар бутага алган жерде канчалаган адам өмүрү кыйылганы, кыйроолордун эсеби жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген залакасы азырынча белгисиз.
2022-жылы Москва Украинага ар тараптан кол салган алгачкы күндөрү Украинанын расмий жетекчилери орус учактары Каспий деңизинен ракета менен аткылаганын, бул андан кийин деле уланганын билдирген.
Каспийдин жээгинде жашаган тургундар ракеталар атылганын айтышкан, алтургай "Калибр" канаттуу ракетасы тартылган видео жарыяланган.
Кээ бир жергиликтүү тургундар аскердик операциялар айлана-чөйрөнү талкалап жатканын белгилесе, ошол эле маалда айрым журналисттер атылган ракеталардан улам Каспийдеги ит балыктар кырылып жатканын айтышууда.
Орусия Каспийден Украинага сокку урулуп жатканын адаттагыдай эле мойнуна албайт.
2015-жылы октябрда орус коргоо министри Сергей Шойгунун Каспий деңизиндеги аскердик флоттон атылган "Калибр" ракеталары Сириядагы бутага алган жерлерге сокку урганын айтканын расмий медиа каражаттары жарыялаган. Кийинки жылы деле ушундай маалымат чыккан.
2022-жылдан тарта Каспийдин үстүндөгү бомбалоочу учактар X-55 канаттуу ракеталары менен Украинанын аймагына сокку урганы тууралуу кабар чыгып калат.
Каспий флотунан "Калибр" ракеталары атылды деп боолголонгону менен, украин армиясынын колунда аны ырастоочу так далилдери жок.
Июнь айында жергиликтүү балыкчылар жарыялаган видеодо эки ракета атылганы көрүнөт. Анын куйрук жагынын кыймылдаганы канаттуу "Калибрдикине" көбүрөөк окшош.
Бирок Орусиянын Каспий флотунун айлана-чөйрөгө тийгизген залакасы тууралуу кооптонуу 2022-жылы башталган Украинадагы урушка чейин эле бар болчу. Москва ага чейин Дагестандагы Каспийскиде флот үчүн жаңы база кура баштаган, 2020-жылы июнь айында ал жерде кемелердин парады өткөн.
Жергиликтүү тургун “Азаттыкка” айтып бергендей, ошондон бери жыл сайын парад өтүп, деңиздин бетин май каптаган соң жээкке балыктардын өлүгү чыгып калат.
"30 жылдай мурун деңизде жашоо кайнап турчу. Эми анын бири жок. Жайында кемелерге чейин сүзүп барып, ал жакта эмне болуп жатканын көрдүм. Каспий флоту залакасын тийгизген факторлордун бири ушул", - деди ал.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосун Москва "жагымсыз уюм" деп атагандыктан, бул тургундун аты-жөнүн ачык айта албайбыз. Антпесек ал эркиндигинен ажырап калышы ажеп эмес.
Атын атагысы келбеген жергиликтүү аял тогуз жыл мурун Дагестандын борбору Махачкаладан Каспийскиге суу таза деген ой менен көчүп келген. Ал ар жыл сайын өткөн параддын терс таасиринен улам жагдай "бир топ өзгөргөнүн" мындайча сүрөттөдү:
"[Кемелер] портто эмес, деңизде турат. Алар күнү-түнү күйүүчү май жагышат, моторлору тынымсыз күркүрөп, андан чыккан бардык зыяндуу газдар деңизге кетет".
"Андан кийин кемеден аткылай башташат. Жүрөк түшүрөт. Аба күйүк жыттанып, жаман жыт жада калса жабык терезелерден кирет. Дем алууга мүмкүн болбой калат".
Флот мындай машыгууларды жыл сайын өткөрөт. Быйыл ага 30дан ашык кеме тартылган.
Машыгуулар деңиздин тээ нары жагында болгону менен, ал жерден кабары бар жергиликтүүлөр жээкте күйүүчү майдын калдыгы жана өлгөн балыктар толуп каларын айтышат.
Журналисттер ит балыктардын жапырт кырылганын аскердик машыгуулардан, ошондой эле согуштук аракеттердин айлана-чөйрөгө тийгизген залакасынан улам деп боолголошот. "Калибр", Х-55 канаттуу ракеталарына пайдаланылган уулуу күйүүчү майлар деңизге куюлуп жатышы да ыктымал.
Бирок Каспий бассейнинде Орусиянын аскердик ишмердигинин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири тууралуу так илимий маалыматты эч ким топтогон эмес.