Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Новороссийскиде кемелер дрон бутасына кабылды


Экипажсыз катерлер Новороссийскидеги кемеге жакындап баратат. 4-август, 2023-жыл
Экипажсыз катерлер Новороссийскидеги кемеге жакындап баратат. 4-август, 2023-жыл

Орусия Новороссийск жана аннексияланган Крымдагы портторго украиналык экипажсыз катерлер чабуул жасаганын билдирди.

Кремль порттогу кемелерде жабыркагандар жок экенин билдиргени менен Киев бүгүн жанкечти катерлер ири кемелерге жетип жарылганын кабарлады.

Социалдык тармактын колдонуучулары Новороссийскидеги портто чоң кеменин кыйшайып жатканын көрсөткөн видеолорду таратышууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги 4-августка караган түнү Новороссийск портуна эки экипажы жок катер чабуул койгонун, анын мизи кайтарылганын Телеграм-каналына жазды.

"Бүгүн түнү Украинанын куралдуу күчтөрү экипажсыз катерлер менен Новороссийск деңиз базасына кол салууга аракет кылышты. Базаны кайтарган орусиялык кемелердин стандарттуу куралы катерди жок кылды".

Бирок Украинанын Коопсуздук кызматындагы өздүк булактар "Азаттыктын" украин кызматына бүгүн эртең менен орусиялык кемеге кол салуу болгонун ырастап, катерлер кемелерге жетип жарылганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагындагы объектилер да дрондор менен бутага алынганын, абадан коргонуу системасы он учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирди. Жабыркагандар жана кыйраган объекттер тууралуу маалымат жок.

Кремль Новороссийск жана Крымдагы чабуул үчүн Украинаны айыптады.

Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аймактык "Юг" башкармалыгынын өкүлү Наталия Гуменюк Кара деңизде орусиялык 15, дагы бир кемеси Азов деңизинде пайда болгонун украин телеканалына билдирди.

Ал бул кемелерден Украинага ракеталык сокку урулушу мүмкүн экенин айтты.

Гуменюктун пикиринде "орус тарап Кара деңизде жаңы чагым жасоого жана кеме курамын бир жерге кармабай, бөлүп жайгаштырууга камынып жатат".

Орусия, Азербайжан жана Казакстандын мунайлары эл аралык рынокко дал ушул Крымдагы "Каспий куур консорциумунун" (КТК) терминалы аркылуу чыгат. Консорциумдун басма сөз кызматы жума күнү терминал бузулбаганын жана мунай жүктөө үзгүлтүккө учурабаганын билдирди. Деген менен жергиликтүү тургундар катуу жардыруу "Каспий куур консорциумунун" терминалында болушу мүмкүн экенин көрсөткөн видеолорду социалдык тармактарга байма-бай жарыялашууда.

Новороссийск портундагы нефть терминалы.
Новороссийск портундагы нефть терминалы.

Ал арада Украинанын президенти Владимир Зеленский чыгыштагы согуш талаасында айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирди.

"Баскынчылар биздин жигиттерди болгон күчү менен токтотууга аракет кылууда. Кол салуулар абдан ырайымсыз. Бардык багыттарда кырдаал татаал. Бирок душман эмне кылбасын, украин күчтөрү үстөмдүк кылып жатат".

Ал арада Польша аскердик тик учактарын Беларус тараптагы чек арасына тарта баштаганы кабарланды. Армиясынын башкы командачылыгы кандай гана жагдай болбосун даяр экенин, зарыл болсо ок чыгара турганын эскертти.

Польшанын бийлиги 1-августта өлкөнүн чек арасын коңшу Беларустун тик учактары бузганын жарыялаган.

29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Беларуста жүргөн “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын жүздөй жалданмачысы Польша менен Литванын чек араларына жакын жерге жеткирилгенин жарыялаган. Беларустун башында турган Александр Лукашенко муну төгүндөгөн эле.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG