Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Каспий тартылууда. Казакстан мунайын Европага кантип чыгарат?


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев. 2019-жыл. 7-ноябрь. Омск.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев. 2019-жыл. 7-ноябрь. Омск.

Орусиянын Украинага согуш ачышы он миңдеген кишилердин өмүрүн гана албастан, жалпы дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды да өзгөрттү. Жыйырма жылдан ашуун убакыт бою мунайын Европага Орусия аркылуу өтүүчү куур аркылуу жеткирип келген Казакстан эми башка альтернативдүү жолдорду издеп жатат.

Астананын Москвадан көз карандылыгын азайтуу аракети канчалык ийгиликтүү жүрүп жатат?

Казакстанда өндүрүлгөн мунайдын көп бөлүгү Европага сатылат. Анын басымдуу көлөмү Орусиянын аймагынан өтүүчү Каспий кууру аркылуу жеткирилет. Айрым Батыш эксперттеринин эсебинде, Украинага согуш ачкандан бери Кремл бул мунай куурун “өз таасирин сездирүү куралына айлантты”. Москва соңку эки жылда бир нече жолу Европага жөнөтүлүп жаткан казак мунайын тосуп койгонуна байланыштуу Астана альтернативдүү жолдорду издөөгө аргасыз болду.

Казакстан Орусия аркылуу өтүүчү мунай куурунан болгон көз карандылыкты азайта алабы?

2023-жылы Казакстанда 90 миллион тонна мунай өндүрүлдү. Анын 70 миллионго жакыны чет жакка сатылды. Мунайдын 80% же 56 миллион тоннасы Каспий мунай куур консорциуму (КТК) аркылуу өткөн.

Каспий мунай кууру Казакстандын Тенгиз кенин Орусиянын Новороссийск порту менен байланыштырат. Анын узундугу - 1,5 миң чакырым.

Мунай өтө оңой жана тез ташылат: ал Тенгизден куурга куюлуп, Атырау облусунун Курмангазы, Исатай райондору аркылуу өтүп, Новороссийскинин жанындагы Түштүк Озеревка айылына жеткирилет. Ал жактан мунайды танкерлерге куюп, Европага жөнөтүшөт.

КТКнын 24% Орусия ээлик кылат. 19% Казакстанга караштуу. Калган бөлүгүн бир нече ири мунай компаниялары көзөмөлдөйт.

Каспий мунай кууру Орусиянын аймагы аркылуу өтүп, Казакстандын батышындагы кенди Новороссийск порту менен байланыштырат.
Каспий мунай кууру Орусиянын аймагы аркылуу өтүп, Казакстандын батышындагы кенди Новороссийск порту менен байланыштырат.

Казакстан бул мунай кууруна 21 жылдан бери үмүт артып келет. Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Кара деңиз жээктери куралдуу кагылыштардын аймагына айланды. Украин дрондору Новороссийскидеги мунай терминалына жакын аймакка утур-утур чабуул коюп келгендиктен, казак мунайын ташууга коркунуч жаралууда. Бул Казакстандын башка жолдорду издөөсүнүн жалгыз себеби эмес. Согуш башталгандан бери Орусия төрт ирет Каспий мунай жеткирүүчү куур консорицумунун ишин — жарым-жартылай же толугу менен — үзгүлтүккө учуратты.

Алгач ирет казак мунайынын экспортун 2022-жылы мартта бир айга чектешкен. Москва буга катуу шамалдан улам Новороссийск портунун жабыркашы себеп болду деген. Мунун айынан Казакстан мунай өндүрүүнү кыскартып, ири чыгашага учурады. Ошол кездеги каржы министри жана вице-премьер Ерулан Жамаубаев консорциумдун чектелишинен “100-150 миллиард теңгедей зыян тартканын” айткан.

Айрым эксперттер муну Орусия атайылап жасаганын айтышууда. Батыш маалымат каражаттары “Москва мунай куурун блоктоо менен Астанага ким кожоюн экенин көрсөткүсү келди” деп жазышты. Маселен, германиялык Handelsblatt басылмасы бул Казакстанда мунай өндүргөн Батыш компанияларына каршы Орусиянын диверсиясы экенин боолгоду.

Немис басылмасы: “Орусия Европадагы мунай баасын жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн казак мунайынын европалык базарга жеткирилишин атайын үзгүлтүккө учуратты. Муну менен Украинага согуш ачкандан кийин Москвага санкция салган Евробиримдиктин экономикасына зыян келтирилип, ошол эле маалда Москва Казакстанга өз таасирин көрсөтүүдө”, - деп белгиледи.

Ал эми британиялык Financial Times басылмасы өз макаласында Вашингтондогу ClearView Energy Partners иликтөө тобунун директору Кевин Буктун пикирин келтирген. Анын айтымында, “эгер Орусия КТКны жаап салса, качан ачышты да өзү чечет”.

Ошол эле 2022-жылы июнь айында КТК аркылуу мунай өткөрүү кайра чектелди. Бул ирет Новороссийскинин бийлиги 20 жылдан ашуун мунай жүктөлүп келген портто “Экинчи дүйнөлүк согуштун маалында жарылбай калган миналарды жана торпедаларды жок кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын” жүйө келтирди. Бул аргумент, албетте, көптөрдү ишендире алган жок. Анын алдында эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орус лидери Владимир Путиндин катышуусунда өтүп жаткан Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда расмий Астана Украинанын чыгышындагы өздөрүн "ДЭР" жана "ЛЭР" деп атап алган жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын айткан. Ал аймактардын жетекчилигин Орусия колдоп келет. Батыш басылмалары дароо Кремл мунай куурун жабуу менен Казакстанды жазалап жатканын жазышты.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев. 17-июнь, 2022-жыл. Санкт-Петербург.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев. 17-июнь, 2022-жыл. Санкт-Петербург.

2022-жылы июнь айында Токаев Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефондон сүйлөшкөндө, Казакстан Европа мамлекеттерине энергетикалык кризистен чыгууга жардам бере турганын айткан. Эртеси эле Новороссийскинин соту мунай куурунун ишин “экологиялык нормаларды бузганы үчүн” 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарды. Кийинчерээк апелляциядан кийин сот өз чечимин карап чыгып, консорциумга айып пул салды.

Транскаспий коридору атаандаш боло алабы?

Казакстандын бюжети мунайга көз каранды. Казынанын 55тен 65% чейин мунай сатуудан түшөт. Эгер КТКнын иши бир эле айга токтосо, бюжет 250 миллиард теңге жоготот. Бул каражатка 1200 орундуу 78 мектеп курса болот.

Казак мунайын Орусиянын аймагын айланып өтүү менен Европага жеткирсе болобу? Ооба. Кара алтынды Каспий деңизи аркылуу европалык базарларга жеткирсе болот. Бирок Каспийдин түбүндө мунай кууру жок. Казакстан, Түркмөнстан жана Азербайжан 2007-жылдан бери мунай менен газды Каспий аркылуу өткөрө турган суу алдындагы маршрут куруу жөнүндө айтып келет. Анткен менен мунун баары сөз бойдон калууда. Ушул күнгө чейин долбоор иштелип чыга элек, иштиктүү жумуштар башталган жок. Азыркы маалдагы альтернативдүү жалгыз жол - бул мунайды танкерлерге жүктөп Каспий деңизи аркылуу Кавказга жеткирип, андан ары Кара деңиз менен Европага жөнөтүү.

2022-жылы Касым-Жомарт Токаев Транскаспий жолуна артыкчылык берүү керектигин белгилеген. Ал улуттук “КазМунайГаз” компаниясына аны ишке ашыруунун оптималдуу вариантын иштеп чыгарууну тапшырган. Президент Тенгиз кенин иштетип жаткан (алардын арасында америкалык Chevron жана Exxon Mobil компаниялары дагы бар) инвесторлорду тартуу зарыл экенин да кошумчалаган.

Көп өтпөй “КазМунайГаз” менен Азербайжандын мамлекеттик Socar компаниясы жылына 1,5 миллион тонна мунайды Актау — Тбилиси — Жейхан маршруту аркылуу жөнөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Казакстан бийлиги Транскаспий коридорун өнүктүрүү чечиминин саясий мүдөөсү жок экенине ишендирүүгө аракет кылып келет. Байкоочулар башка пикирде.

"Москва КТКны Казакстанга басым жасоо үчүн колдонуп жатканы айдан ачык. Бул Казакстан КТКдан көз карандылыгын азайтууну көздөп жатышынын бирден бир себеби", - дейт Борбор Азия боюнча америкалык эксперт, Second Floor Strategies консалтинг компаниясынын президенти Уайлдер Алехандро Санчес.

Транскаспий коридору аркылуу мунай жеткирүү жолдору канчалык өзгөрдү?

2023-жылы Актау портунан 3 миллион тонна мунай жүктөлгөн, бул 2022-жылга салыштырмалуу 3 эсе көп.

Мунун жарымынан азыраагы Баку — Тбилиси — Жейхан маршруту аркылуу өткөн. Ошентсе да бул Каспий мунай куур консорциуму аркылуу өткөн көрсөткүчтөн кыйла аз.

Транскаспий коридору КТК менен атаандаша албайт. Мунун бир нече себеби бар.

Биринчиден, Транскаспий маршруту аркылуу мунайды транпортациялоо көп убакытты алат. Мунай адегенде Актаудагы портто танкерлерге жүктөлүп, Бакудагы Сангачал жана Азиртранс портторуна жеткирилет. Андан кийин Баку — Тбилиси — Жейхан муунай кууруна куюлат. Европалык базарларга Жер ортолук деңизиндеги Түркиянын Жейхан порту аркылуу барат.

Транскаспий коридору аркылуу өтүүчү мунай Актаудагы порттон Азербайжанга жеткирилип, андан ары Грузия менен Түркиядан европалык базарларга жөнөтүлөт.
Транскаспий коридору аркылуу өтүүчү мунай Актаудагы порттон Азербайжанга жеткирилип, андан ары Грузия менен Түркиядан европалык базарларга жөнөтүлөт.

Экинчиден, Азербайжан биринчи кезекте өз мунайын ташууга кызыкдар. Март айында “КазМунайГаз” азербайжандык Socar мамлекеттик компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Тараптар казак мунайын ташуу көлөмүн жыл сайын 2,2 миллион тоннага жеткирүүнү макулдашты. Ошентсе да бул КТК аркылуу өткөн мунай көлөмүнөн 25 эсе аз.

Үчүнчүдөн, Актаудан Бакуга мунай ташыган танкерлер жетишпейт. Маселени чечүү үчүн “КазМунайГаз” өткөн жылы сегиз миң тонналык эки танкер сатып алды. Улуттук компания Кара жана Каспий деңиздериндеги танкерлердин санын көбөйтүүнү көздөөдө. Бул үчүн ал Abu Dhabi Port Group ишканасы менен танкер чыгарууга ниеттенип жатат. Анткен менен бул бир күндүн иши эмес.

— Кемени, анын үстүнө танкерди бир жумада куруу мүмкүн эмес. Ага бир эмес, бир нече ай керек. Эгер танкерлер флотун курууну кааласаңар, анда буга келишимден, кура турган жерден жана башка факторлордон улам бир нече жыл керек. Ошондуктан Казакстан КТКны 2024-жылы толугу менен алмаштыра албайт. Бул узак мөөнөттө чечилүүчү маселе. Балким, бул он жылдыктын соңунда, - дейт Уайлдер Алехандро Санчес.

Актау порту.
Актау порту.

Транскаспий маршрутунун альтернативдүү мунай жолуна айланышына тоскоолдук жараткан дагы бир жагдай - Каспийдеги суунун тартылышы. Жергиликтүү тургундар, активисттер жана экологдор деңиздеги суунун тайыздап жатканына бир топ жылдан бери көңүл буруп келишет.

Казакстандын мурдагы экология министри Зульфия Сулейманова “Каспийдин абалы экосистема катары караганда абдан оор экенин” айткан.

Каспийдеги суунун тартылышы айлана-чөйрөгө гана эмес, аймактын экономикасына да зыян келтирип, Транскаспий коридорунун дараметине сокку урууда. Былтыр күздө Казакстандын Транспорт министрлиги Каспийдеги суунун азайышына байланыштуу Актау жана Курык портторунун иши чектелгенин билдирген. Ал эми суунун түбүн тереңдетүү үчүн 40 миллиард теңгеден көп каражат керек. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, порттордун туруктуу иштеши үчүн суунун деңгээли 6 метр 11 сантиметрден кем болбошу керек. Порттун акваториясынын орто тереңдиги беш метрден өйдө болушу зарыл.

— Суу жээктен алыстап, аралчалар пайда болууда. Бул кемелердин жүрүүсү, кеме куруу жана порт тармагы үчүн чоң маселе. Маселен, сиз жаңы танкер сатып алдыңыз. Жакшы. Май куюлган танкер сууга 10 метр ылдый түшүрүлөт. Суу жээктен алыстап калганына байланыштуу танкер суу алдындагы көрүнбөгөн ташка, эски кеменин калдыктарына тийип, такалып калышы мүмкүн. Анткени деңиз тартылып жатат. Деңиздин тегерегиндеги мамлекеттер Каспийди сактап калуу үчүн жетиштүү аракеттерди көрүшкөн жок, - деп эсептейт Уайлдер Алехандро Санчес.

Ал Каспий деңизин сактап калуу үчүн аракеттер жетишсиз болсо, Транскаспий коридорун өнүктүрүүдөн майнап чыкпайт дейт.

Инфратүзүмдөрдүн өнүкпөй калганы, деңиздин тартылып жатканы, өткөрүлө турган мунай көлөмүнүн төмөндүгү - Транскаспий коридорунун начар жактары. Мындай шарттарда Казакстан үчүн КТКдан көз карандылыкты азайтуу кыйын болот. Бул өз кезегинде Орусия мунай куурун коңшусуна таасирин көрсөтүүчү аспап катары колдонууну улантарын айгинелейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG