Касым-Жомарт Токаев мунай ташуунун башка жолдорун өнүктүрүүнү тапшырды. Мындай чечим орусиялык соттун казак мунайын экспорттогон компаниянын ишин 30 күнгө токтоткондон кийин кабыл алынды. Серепчилер мындай кырдаал Казакстанды дээрлик 300 миллион доллар зыянга учуратарын эскертишүүдө.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мунайды ташуу жолдорун диверсификациялоону маанилүү максат деп атады. Буга байланыштуу мамлекет башчы Кытай, Казакстан, Каспий деңизинин акваториясы, Азербайжан, Грузия, Түркия, Кара деңиз аркылуу Европага кеткен Транскаспий маршрутун оптималдаштыруу тапшырмасын бергенин Акордонун басма сөз кызматы 7-июлда билдирди.
"Приоритеттүү багыт – Транскаспий багыты. "КазМунайГазга" аны ишке ашыруунун эң жакшы вариантын, анын ичинде Теңиз кенине инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырдым. Өкмөт «Самрук-Казына» менен бирге Атырау-Кеңкыяк жана Кеңкыяк-Кумкөл мунай куурларынын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүшү керек".
Токаев ошондой эле Казакстандын портторун Каспий деңизиндеги алдынкы хабдарга айландырууну тапшырып, деңиз флотун күчтөндүрүү керектигин белгиледи.
"Мен өкмөттүн алдына стратегиялык милдетти койдум. Биздин портторду трансформациялоо, аларды Каспий деңизинин алдыңкы хабтарынын бирине айландырууну тапшырдым. Деңиз флотун чыңдоо жана Актау портунда контейнердик хаб түзүү керек деген пикирге толук кошулам", - деди Токаев.
Казак лидеринин мындай билдирүүсүнө орусиялык соттун бир күн мурунку чечими себеп болгон. Орусиянын Новороссийск шаарынын райондук соту казак мунайынын ири бөлүгү экспорттолгон Каспий куур консорциумунун (КТК) ишин 30 күнгө токтотуу чечимин чыгарган. Негиз катары кара май төгүлгөн жерлерди тазалоо планынын бузулушу көрсөтүлгөн.
Сот 6-майдагы текшерүүдө "Ространснадзор" ишкананын жайларында экологиялык эреже бузууларды аныктаганын билдирди. Консорциумга кемчиликтерди жоюу үчүн 30-ноябрга чейин убакыт берилген.
КТК эскертүүнү аткаруунун мөөнөтү белгиленгени менен "Ространснадзор" алардын ишмердигин токтотуу арызы менен кайрылганын билдирди.
"Консорциум Орусиянын укуктук талаасында иш алып баргандыктан, соттун чечимин аткарууга тийиш. Чечимди мыйзамда көргөзүлгөн тартипке ылайык талашабыз".
КТК ошол эле күнү консорциумдун ишин токтотпоо тууралуу арыз менен сотко кайрылды. Компания "өндүрүш процессине кыйратуучу залака тийгизген чараларды колдонууга мыйзам жол бербейт" деп белгиледи.
Ал эми казакстандык экономист Андрей Чеботарёв "Настоящее время" телеканалына берген маегинде КТК ушул жылдын март айынан бери алгылыктуу иштебей турганын, азыркы соттун чечими менен Казакстандын казынасы оор жоготууга дуушар болорун эскертти.
"КТК марттан бери бороондон улам 30% гана иштечү. Кийин 50% иштей баштады. Көп өтпөй соттун чечими менен 30 күнгө иши токтоду. Бирок андан кийин деле ишмердиги толугу менен жанданат деп айта албайм. Казакстандын бюджети азыр болбосо да, кийин мунун запкысын тартат".
Украинага согуш ачканы үчүн Орусияга санкциялар салынгандан бери казак мунайын бул куур менен экспорттоого буга чейин да ар кандай шылтоо менен чектөө киргизилген. Алсак 15-июнда Новоросийск портунда Экинчи Дүйнөлүк Согуштан калган суу астындагы миналарды издөө боюнча “пландалган” иштер башталып, КТК он күндүн ичинде бир гана куур аркылуу мунай экспорттогон. Андан соң “жарылуучу объекттерди” издөө иштери дагы он күнгө узартылган. Дал ушул күнү Новороссийскиде райондук сот отуруму башталып, терминал бир айга жабылган эле.
Казакстандык саясат таанучу Досым Сатпаев казак-орус алакасындагы чыңалуу мунайдан башталганын айтат.
"Орусия биздин мунай экспортубузга тоскоол болуу менен Казакстанга энергетикалык кысым көрсөтө баштады. Ал бир кезде Орусиянын газ саясатынан көз карандылыгын пайдаланып, Украинага карата ушундай кысымды көрсөткөн болчу. Кандай болгон күндө да ушул жагдайда Казакстан экономиканын ыкчам антикризистик моделин түзө башташы керек. Анткени келечекте бизди жагымсыз окуялар күтүп турат", - деп жазат Сатпаев.
Ал эми казакстандык экономист Алмас Чукин газ куурунун иши бир айга токтоп калса, Казакстан менен экспортерлор 300-500 миллион доллар жогото турганын Фейсбукка жазды.
Орусия Казакстандын эң негизги соода өнөктөшү катары саналат. Туңгуч президент Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен тыгыз байланышта болгон. Бирок 2019-жылы Касым-Жомарт Токаев бийликке келгенден бери эки лидердин ымаласы жакшы эмес деп бааланып жатат.
Өткөн айда Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форумда казак президенти расмий Нур-Султан Украина чыгышындагы Орусия колдогон жикчил түзүмдөрдү тааныбай турганын айтканда чыңалууга жем таштаган.
Форумда Токаев орус саясатчылар менен серепчилерди да сынга алып, аларды Казакстанга ачык чабуул жасоо менен эки өлкөнүн ортосунда “аразчылык” жаратты деп айыптаган.
Белгилей кетсек, Казакстан Германияга жыйырма жылдан ашык убакыттан бери чийки мунай затын сатат. Бирок анын немис рыногундагы үлүшү акыркы бир нече жылда тездик менен өскөнү байкалат. 2021-жылы Казакстан Норвегия менен Улуу Британияны озуп, Германияга мунай ташыган ири өлкөлөрдүн ичинен Орусия менен АКШдан кийинки, 3-орунду ээлеген.
Ал эми Евробиримдиктин орус мунайына киргизген эмбаргосу 2022-жылдын аягында толук күчүнө киргенде, коңшу Казакстандын бүткүл Евробиримдикти камсыздоодогу ролу кыйла өсүшү мүмкүн. Коронавирус пандемиясына чейин Казакстан 7,65% үлүшү менен Сауд Аравиясы менен АКШдан да озуп чыгып, Европага мунай экспорттогон эң чоң беш өлкөнүн катарына кирген.