Трамп Ак үйгө кайтат. Дүйнө Америкадан эмне күтөт?

Дональд Трамп

Дональд Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү кандай болот? Трамптын жактоочулары ал АКШнын дүйнөдөгү кубаттуу дөөлөтүн калыбына келтирет деп ишенет. Ал эми каршылаштары Трамптын Ак үйгө кайтып барганы Американын демократиясына коркунуч экенин белгилеп жатышат.

Шайлоо өнөктүгү маалында Дональд Трамп Ак үйгө кайра барса Американын "жаңы алтын доору" келет деп убада берген.

"Силердин колдооңор менен биздин өлкөнүн күч-кубатын, үстөмдүгүн, гүлдөп-өсүшүн жана ар намысын калыбына келтиребиз. Бул Американын жаңы алтын доору болот", - деген Трамп шайлоого эки апта калганда.

Трамп экинчи мөөнөткө киришкенде анын администрациясынан эмне күтсө болот?

Жактоочулары ал Американы өзүндө жана дүйнөдө кайрадан дөөлөттүү мамлекетке айлантарына ишенишет. Ал эми анын каршылаштары Кошмо Штаттарда демократияга коркунуч жараларын белгилешет.

Согуш жана тынчтык

Албетте, АКШнын дүйнөгө тийгизген таасири да өзгөрүшү мүмкүн. Трамп Орусиянын Украинадагы согушуна “24 саатта” чекит кое аларын айткан. Ал ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы Иран колдогон куралдуу топторго каршы эки фронтто согушуп жаткан Израилди “ишти токтотууга” чакырган.

Бостон коллежинин саясий илимдер боюнча профессору Питер Скерри Трамп Москва менен Киевдин маселесин “кандайдыр бир деңгээлде жөндөй алат” деп боолголойт. Профессордун пикиринде, бул “Украина бир топ нерседен баш тартат дегенди билдирет”.

Скерри белгилегендей, Трамп Израил боюнча кандай аракеттерге барары кыйла түшүнүксүз.

Трамп “Израилди абдан колдоону” убада кылып, ошол эле учурда араб-израил алакасын оңдоого багытталган Авраам Макулдашуусун жандантууга аракет кылып келет.

Биринчи президенттик мөөнөтүндө Трамп соода согушун баштаган Кытай менен алака дагы түшүнүксүз болуп турат. Трамп эгер Бээжин “Тайванга кол салса” Кытайда өндүрүлгөн продукцияга жогору салык саларын айтып коркуткан.

Ага чейин Тайванды Бээжин ыктымал блоктошун алдын алуу үчүн Кытай лидери Си Цзинпин менен мамилеси жакшы болгондуктан АКШнын аскердик күчүн колдонуу зарыл болбостугун айткан.

Дагы караңыз Харрис vs Трамп: АКШдагы шайлоонун Украинага таасири

Глобалдык салым

Биринчи президенттик мөөнөтүнүн төрт жылында Трамп НАТОго мүчө мамлекеттерден коргонууга коротулган каражатты туура бөлүштүрүүнү талап кылып келген. Андан бери мүчө мамлекеттерден көбү белгиленген көрсөткүчтөргө жете алды.

Трамп ошондой эле АКШнын ЮНЕСКОдон, Орусия менен Кошмо Штаттар ортосундагы Кыска жана орто аралыкка атылган ракеталарды жок кылуу боюнча келишимден, алты держава менен бирге макулдашылган Ирандын өзөктүк программасынан, климат боюнча Париж келишиминен чыгышын тескеп турган.

Ал ошондой эле COVID-19дун жайылышына жасаган реакциясы үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылоону токтоткон. Байдендин администрациясы АКШнын мындай макулдашуулардагы жана институттардагы таасирин кайра калыбына келтирүүнү максат койгон. Эми айрымдар Трамптын келиши менен кайра баары артка кетерин боолгошот.

Скерри айткандай, Трамп ички маселелерди биринчи орунга койгон, “көздөгөн максатына жеткен, өзүмчүл оюнчу”. Профессор белгилегендей, эгер Трамп айрым дүйнөлүк институттардагы Вашингтондун ролун чектөө жолоюна түшсө таң калыштуу деле болбойт. Ал эми америкалык Silent Majority Strategies компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кит Нотондун эсебинде, “Трамп көбүрөөк жалгыз бир нерсе кылганды жакшы көрөт”. Бирок эксперт кошумчалагандай, АКШ Конгресси буга каршы чыгышы мүмкүн.

Дагы караңыз 11.09 сабагы: ​​​​​​​АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?

Өткөн иштер

Трамп АКШнын сотунда биринчи президенттик мөөнөтүнө байланыштуу кылмыш иштерин, анын ичинде шайлоого кийлигишкен жана 2020-жылы шайлоодон утулгандан кийин бийликти тынч жол менен өткөрүү жараянын үзгүлтүккө учуратууга аракеттенген делген шектүү иштерин ыраатка салышы керек.

Трамп төрт жыл мурун 6-октябрда Капитолийге кол салууга аралашканы үчүн абакка кесилген тарапкерлерине мунапыс берерин билдирген.

Кеңири алганда Трамп өз саясатынын үлгүсү катары "Долбоор 2025" демилгесин алат деп боолгонууда. Документти Вашингтондогу оңчул Heritage Foundation аналитикалык борбору "көмүскө бийликти ("deep state") жок кылуу" максатында иштеп чыккан.

Трамп шайлоо өнөктүгү маалына бул долбоордон оолак болуп, анын артында ким турары тууралуу маалыматы жоктугун айткан. Бирок иликтөөлөр ал жерде Трамптын мурдагы администрациясында иштеген кеминде 140 киши аралашканын көрсөткөн.

"Трамп опурулуп сүйлөгөндү жактырат, бирок баштаган ишин анда-санда аягына чыгарат. Кандай гана жаза болбосун, ал капысынан жана кызматкерлердин колу менен жасалат. Юстиция министрлигинде көп өзгөрүүлөр болот деп ойлойм, - дейт Кит Нотон.