Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

Харрис vs Трамп: АКШдагы шайлоонун Украинага таасири


Коллаж сүрөт
Коллаж сүрөт

АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы башка өлкөлөрдүн арасынан айрыкча Украинага чоң таасир этет. Талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харрис Украинага жардам маселесине көз карашы кыйла айырмаланат. Бирок кимиси утушка жетишсе да, кадамдары кандай болору анык белгилүү эмес.

5-ноябрдагы президенттик шайлоодо америкалыктардын тандоосу жалпы дүйнөгө да таасирин тийгизери анык.

Орусиянын соккуларынан коргонууда көбүнесе АКШнын аскердик, каржылык жана дипломатиялык колдоосунан көз каранды болуп турган Украина үчүн мындай таасир кыйла маанилүү.

Президент Жо Байдендин тушунда Кошмо Штаттар 2022-жылдын февралында Орусиянын толук масштабдуу кол салуусу башталган күндөн бери Украинага коопсуздук жаатында жардам иретинде эле 52 миллиард доллардан ашуун бөлдү. Мындан тышкары ондогон миллиард доллар каржылык жана гуманитардык колдоо үчүн бөлүндү.

"АКШдагы шайлоо согуш кандай аяктарын, анан, албетте, жакынкы бир нече айда эмне болорун аныктай турган маанилүү фактор болуп эсептелет деп ойлойм", - дейт Лондондун Падышалык коллежинин согушту изилдөө кафедрасынын улук окутуучусу Рут Дейермонд.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен маегинде Дейермонд добуш берүүнүн жыйынтыгы чындыгында "Украинанын Кошмо Штаттардан жардам алуусу улана береби же АКШнын колдоосу канчалык деңгээлде болот дегенди аныктайт" деген пикирин билдирди.

Республикачылар партиясынан талапкер, мурдагы президент Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан талапкер, азыркы вице-президент Камала Харристин Украинага жардам маселеси боюнча позициясы кескин айырмаланат.

Владимир Зеленский жана Камала Харрис. Вашингтон. 2024-жылдын 26-сентябры.
Владимир Зеленский жана Камала Харрис. Вашингтон. 2024-жылдын 26-сентябры.

Харрис Байдендин Украина боюнча саясатын уланта берүү ниетинде экенин белгилеп, Орусия бул согушта жеңилгиче Киевди колдой берерин ачыктан ачык билдирген.

Трамп АКШнын Украинага жардам берүү зарылчылыгы канчалык деген маселени көтөрүп, Киевдин Орусиянын чабуулдарына каршы түйшүгүнүн орчундуу бөлүгүн Европа көтөрсүн деген билдирүүлөрү НАТОнун келечеги тууралуу күмөн ойлорду жараткан. Ал Украина жеңип чыгышын каалайбы-жокпу, бул боюнча комментарий берген эмес, бирок эгер президенттикке кайрадан шайланса согушту тез арада, жада калса январда расмий түрдө кызматка киришкенге чейин эле токтоторун бир нече жолу айткан.

"Харристин администрациясы Байдендин саясатынын багытын карманат чыгар, анын Украинадан кескин бурулуп кетпей турганы анык болушу керек деп божомолдоп жатсак, Дональд Трамп согуштун тез арада токтошун каалай турганын даана билдирди", - дейт Дейермонд.

"Биз анын 2016-жылы шайланган күндөн тартып карманган узак мөөнөттүү тышкы саясий артыкчылыктарынын бири, анча көп эмес сандагы ырааттуу тышкы саясий позицияларынын бири, өзү айткандай, Орусия менен мамилени жакшыртып, жөнгө салуу аракети болгонун да билебиз. Ошондуктан ал согуштун тезирээк, болгондо да Орусиянын шартына ылайык аякташын каалайт деп ойлойм", - деп кошумчалады Дейермонд.

Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. Нью-Йорк. 2024-жылдын 27-сентябры.
Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. Нью-Йорк. 2024-жылдын 27-сентябры.

Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн Путин коюп жаткан шарттар "келишкис" экенин айтып, өзү буга чейинки президенттерге караганда Орусияга катаал мамиле кылганын, эгер Ак үйдө ал болгондо Путин Украинага кол салбай турганын белгилеген. Ага чейинки президент, демократ Барак Обама Москваны козутуп алуу коркунучунан улам Украинага берүүдөн баш тартып койгон оор курал-жарак демилгесине 2017-жылы Трамп макулдугун берген.

"Мындан ары болбойт..."

Быйыл апрель айында Трамп Кошмо Штаттар Экинчи дүйнөлүк согуш маалында союздаштарына жардам берген ленд-лизге окшогон программа ачууга макул экенин билдирген.

Трамп Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу аракетин кандайча элестетерин көп деле айткан жок.

2023-жылы июль айында Fox News телеканалына курган маегинде ал Орусиянын президенти Владимир Путинди сүйлөшүүгө" Украинага жардамды көбөйтөм" деп басым көрсөтүү аркылуу көндүрүүгө аракет кыларын билдирген. Ошол эле маалда Трамп украин президенти Владимир Зеленскийге "жардамды токтотуп коём" деп басым көрсөтөрүн белгилеген.

"Мен Зеленскийге "жетишет, келишим түзүшүң керек" деп айтмакмын. Путинге "Эгер мунасага келбесең, биз [Зеленскийге] өтө көп нерсе беребиз. [Украинага] эгер зарыл болсо, буга чейин болуп көрбөгөндөй жардам беребиз" демекмин. Келишимди бир күндө түздүрөм. Бир күндө", - деген Трамп.

Украиналыктар эгерде тынчтык келишимин тез арада түзүш керек болуп калса, ал Орусиянын пайдасына ойнойт деп кооптонушат. Себеби андай шартта Украинанын аймагынын бештен бир бөлүгү Москванын көзөмөлүндө калат. Ошол эле маалда ок атышуунун токтоп турушу Путинге келечектеги кол салуулары үчүн күчүн топтоп алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Сөз жана аракет

Кандай болгон күндө да шайлоодон жеңип чыккан талапкер Ак үйгө келгенден кийин ишти эмнеден баштаары азырынча белгисиз. Бул жерде болочок президенттин чечимдерине таасирин тийгизе ала турган бир катар түрдүү жагдайлар бар.

Зеленскийдин өкмөтү АКШ убада кылган аскердик жардам өтө жай жана өтө көп чектөөлөр менен берилип жатканынан улам Байдендин администрациясына нааразы болгон жайы бар. Киевдин америкалык ракеталарды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат сураган өтүнүчүнө карабастан Байден андай мүмкүнчүлүк берген жок.

Украина. Донецк облусундагы талкаланган Угледар шаары.
Украина. Донецк облусундагы талкаланган Угледар шаары.

Украинанын абадан коргонуу каражаттарына жана курал-жаракка зар азыркы абалы орус армиясына украин шаарларына, эң маанилүү инфраструктурасына абадан сокку уруп, Донецк облусунун аймагында улам илгерилөөсүнө шарт түзүүдө. Быйыл октябрь айында Орусия 2022-жылы толук масштабдуу согуш ачкандан кийинки бир ай аралыгында ээлеп алгандан бери эң көп аймакта "ийгиликке" жетише алды.

Харрис Украинага жардамды күчөтүп, чектөөлөрдү азайтабы, так айта элек. Курал-жаракты колдонуудагы чектөөлөрдү азайтуу - Зеленскийдин Батыштагы лидерлерге сунуштаган жана солгун кабыл алынган "тынчтык планынын" пункттарынын бири. Ошондой эле Харрис бул пландагы Украинаны НАТОго мүчө болууга чакырууну тездетүү тууралуу орчундуу пункт боюнча да комментарий бере элек. Эгер Трамп президент болуп калса, Украина жана Орусиянын кол салуусу боюнча маселеге таасир эте турган факторлордун бири анын өкмөтүнүн курамы болот.

Айрым маалыматтарга караганда, Трамптын шайлоо кампаниясы коргоо министри кызматына мурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпеону жана мамлекеттик катчы кызматына улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи Роберт О'Брайенди караштырып жатат. Бул эки саясатчы тең Байдендин администрациясын АКШ Киевге берген курал-жаракты колдонуудагы чектөөлөрү үчүн сындап, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырышкан.

The Wall Street Journal басылмасына быйыл июль айында жарыяланган макаласында Помпео Украинага өзүн өзү коргоого жардам бериш үчүн 500 миллиард долларлык өлчөмдөгү ленд-лиз программасын ачууга чакырган. Ал ошондой эле Украинаны НАТОго кабыл алууга үндөгөн, О'Брайен болсо "азыркы тапта бул өтө эле чагымчыл" аракет болуп калышы мүмкүндүгүн ушул аптада эскертти.

"Дипломатия жылы"

Дагы бир өзгөрүү Конгрессте болушу ыктымал. АКШда президенттин тышкы саясатка таасири көбүрөөк болгону менен, мыйзам чыгаруу органы өлкөнүн каржы ресурстарын өз колунда кармап турат да, Ак үйдүн Украинага аскердик жана финансылык жардам боюнча позициясын өзгөртүүгө мажбур кыла алат.

5-ноябрдагы шайлоодон кийин демократтар Сенаттагы көпчүлүктү республикачыларга алдырып, Өкүлдөр палатасында көп орун алышы ыктымал.

Украина боюнча 2017-2019-жылдардагы сүйлөшүүлөргө Трамптын атайын өкүлү катары катышкан Курт Волкердин пикиринде, Конгресстеги мындай өзгөрүү Украина үчүн пайдалуу жагдай болмок. Анткени республикачылар көзөмөлдөгөн Сенат Украинага жардамды жактай турганы аныгыраак. Өткөн айда "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен болгон маегинде ал ленд-лиз программасын Конгресстен өткөрүү оңоюраак болорун айтты.

"Америкалык салык төлөөчүлөрдүн реалдуу акчасын Украинага жумшоо канчалык зарыл экенин негиздеп берүү барган сайын улам оор боло баштады. Эгер аларга америкалык курал-жаракты сатып алып, согушууга канча акча керек болсо, ошончону карызга алып турушуна мүмкүнчүлүк берүү эч кандай талаш-тартыш жаратпайт жана эки партиянын тең текши колдоосуна ээ болот", - деди ал.

Бирок Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин талдоочусу Чарльз Купчан Кошмо Штаттар шайлоодо ким жеңгенине карабастан, Украинаны сүйлөшүүнү баштоого түртөрү көбүрөөк ыктымал деп эсептейт. Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, буга согуштун айынан Батыштын ресурстары барган сайын азайып жатканы себеп.

"Мен 2025-жыл дипломатиянын жылы болот деп күтөт элем. Азыркы абалыбыз туруктуу деп айта албайм", — деди ал.

Ошону менен катар ал Украинага жардамдын токтотулушу эки тарапты сүйлөшүүгө мажбурлай турган ыкма эмес экенин белгиледи.

"Бул Путиндин планын илгерилетүүсүнө ишарат болмокчу", - деди Купчан.

Макаланын автору: Тодд Принс
Которгон: Рахат Кеңешова

XS
SM
MD
LG