Харрис же Трамп. Америкалыктар кимди тандайт?

Пенсильваниянын Питтсбург шаарындагы шайлоочу добуш берүүдө, 5-ноябрь, 2024-жыл

Америкалыктар тарыхый президенттик шайлоодо добуш берүүдө. Республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трамп менен демократтардын талапкери, вице-президент Камала Харристин жеңиши улуттук деңгээлде жана жети “селкинчек” штатта аныкталат.     

АКШнын чыгыш тарабындагы штаттарда добуш берүү аяктап, шайлоо бекеттери жабыла баштады. Бул тарыхый деп сыпатталган шайлоодо республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трамп менен демократтардан ат салышкан вице-президент Камала Харрис шайлоо өнөктүгүндө да бири-бири менен теңтайлашып келатты.

Шайлоочулар коллегиясы кандай добуш берип жатканын бул интерактивдүү картадан көрүп турсаңыз болот

Бул жолу шайлоонун жыйынтыгы бир нече күндөн кийин билинет деген божомол бар. Анткени Пенсильвания сыяктуу штаттарда почта менен жиберилген бюллетендерди санап чыгууга убакыт кетет. Эл каттоонун маалыматына караганда, добуш бергендердин саны 2016- жана 2020-жылдардагы рекорддон да жогору болот деп күтүлүүдө.

Федералдык расмий органдар добуш берүү жакындаган сайын Орусия жана Иран америкалыктар арасында ажырым салып, жараянга көлөкө түшүрүү үчүн шайлоого таасир этүү өнөктүгүн күчөткөнүн 4-ноябрдын кечинде эскертишти.

Трамп президенттик шайлоого төртүнчү жолу ат салышууда. 2020-жылы Жо Байденге утулуп калган. Быйыл июнда Трамп менен теледебатка чыкканда өзүн жакшы көрсөтө албаган соң Байдендин ден соолугуна байланыштуу олуттуу кооптонуулар айтыла баштаганда ал жарыштан баш тарткан.

Анын ордуна демократтардан аттанган Харрис шайланып калса, АКШнын алгачкы аял президенти, теги Түштүк-Чыгыш Азиядан чыккан биринчи аял болот. Трамп шайланса, бийликте эки мөөнөт катары менен отурбаган, демократ президенттен кийин кайра шайланган мамлекет башчы болот. Мындай саясий жолду буга чейин 19-кылымдын аягында Гровер Кливленд басып өткөн.

60 жаштагы Харрис өзүн 81деги Байден менен 78деги Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

Ошондой эле 2022-жылкы АКШнын Жогорку сотyнун чечиминен кийин Харрис аялдарга аборт кылдыруу укугун коргогон, 2020-жылы шайлоодо утулгандан кийин 6-январда АКШнын Капитолийине кол салуудагы Трамптын ролун белгилеп, экс-президентти “демократияга коркунуч жаратат” деп атаган.

Трамп популисттик чакырыктары менен экинчи мөөнөтүндө экономиканы өнүктүрүүгө, мигранттардын агымын токтотуп, АКШнын Кытай сыяктуу каршылаштарына катаал мамиле кылууга күч үрөрүн айткан.

Шайлоонун жыйынтыгынын башка өлкөлөргө караганда Украинага таасири өзгөчө экени талашсыз.

Дагы караңыз Харрис vs Трамп: АКШдагы шайлоонун Украинага таасири

Талапкерлер Украинага көмөк көрсөтүүгө келгенде таптакыр эки башка позицияда. Украинанын дээрлик үч жылга чукул орус күчтөрү менен кармашынын ийгилиги Кошмо Штаттардын аскердик, каржылык жана дипломатиялык колдоосунан көз каранды.

Харрис Украинага жардам берүү маселесинде Байдендин саясатын улантарын билдирип, Орусия бул согушта утулушу керек деген көз карашын ачык айткан.

Трамп АКШнын Украинага жардамынын натыйжалуулугунан күмөн санап, Орусиянын баскынчылыгына каршы Киевге колдоо көрсөтүү түйшүгүн Европа да кошо тартышы керек экенин айтканы НАТОнун келечеги тууралуу түкшүмөл суроолорго жол ачкан.

Эки талапкер тең бул жолку шайлоону Американын келечеги үчүн абдан маанилүү деп сыпаттап, өнөктүктүн акыркы күнүнө чейин өз тарапкерлерин добуш берүүгө үндөштү.

Харрис 4-ноябрда күн бою Пенсильванияны кыдырды. Бул штатта жеңүүчү аталган талапкер шайлоочулар коллегиясынын 19 добушуна ээ болот. Америкадагы “оома” штаттардын ичинен шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн саны жагынан Пенсильвания башкы сапта турат.

“Муну кылганга даярсыңарбы?”, - деп собол салды Пенсильваниянын Скрантон шаарындагы тарапкерлерине кайрылган Харрис. Ал “Эркиндик үчүн добуш бер” деген чоң жазуунун алдында сөз сүйлөдү.

Трамп 4-ноябрдагы үгүт ишин Түндүк Каролинадан баштады. Андан соң Пенсильваниядагы эки жерге токтоп, күндү Мичиган штатында жыйынтыктады.

“Эгер биз Пенсильванияны утсак, баарын утабыз. Бүттү”, - деди Трамп.

АКШдагы президенттик шайлоону дал ушул Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Мичигандан тышкары дагы төрт штат – Висконсин, Жоржиа, Аризона жана Невада чече тургандай.

АКШнын шайлоо системасына ылайык, жеңүүчүнү жалпы топтолгон добуштардын саны эмес, 538 мүчөдөн турган шайлоочулар коллегиясы аныктайт. Кайсы бир штаттагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн саны ошол штаттын Конгресстеги эл өкүлдөрүнүн санына шайкеш келет.

Небраска менен Мэнден башка бардык штаттарда элдин добуштарынын көпчүлүгүн алган талапкер ошол штаттагы шайлоочулар коллегиясынын добуштарынын баарына ээ болот.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек. Эгер Харрис да, Трамп бул босого чекке жеткидей добуш топтой албаса, анда жаңы президентти жаңы шайланып келген Конгресстеги Өкүлдөр палатасы январь айында тандайт. Ал эми жаңы шайланып келген Сенаттын мүчөлөрү вице-президентти аныкташат.

5-ноябрга чейин Америкада 77 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берүүгө үлгүрдү. Ошентсе да шейшембидеги добуш берүү кайсы талапкер өз тарапташтарын добушканаларга көбүрөөк чакырып келе алганын көрсөтмөкчү.

Харрис өз добушун почта аркылуу берген. Трамп шайлоо күнү Флоридада добуш берүүнү пландап жатат.