Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:29

АКШ: ФСБнын офицерлеринин жашыруун каттары кантип табылган?


Александр Ионов
Александр Ионов

АКШнын сотунда орусиялык Александр Ионовдун ишинин алкагында анын ФСБнын 2-кызматындагы кураторлору менен жазышкан ондогон барак каттары ачыкка чыкты. Ионовдун "тоголок каттары" менен Орусияда бир катар көз карандысыз медиа "чет элдик агент", эл аралык уюмдар "жагымсыз уюм" деп таанылган. 

2018-жылы 12-мартта Москва сааты менен кечки алтыларда дүйнө кезип кыдырган, саркечтеп тигилген костюм-шым кийген Александр Ионов жергиликтүү телефон номурга Калифорния штатынын АКШдан бөлүнүүсүнө (сецессия) жетишүү тууралуу бир нече СМС жиберген.

Андан эки жыл мурун "Антиглобалисттик кыймыл" деп аталган бейөкмөт уюмду башкарган Ионов сепаратисттик маанайдагы калифорниялык маргинал топторго жардам берип, аларга Москвада кеңсе ачууга көмөктөшүп, орус баш калаасына дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген активисттерди "Улуттар диалогу" деген конференцияга жыйнаган.

Ионовдун жазган эки каты Калифорнияны бөлүп кетүүгө чакырган АКШда чыккан макалаларга байланыштуу.

"Тополоң керек беле" деп жазган Ионов, - "Анда эмесе, мына".

Америкалык расмийлер бул кат ФСБнын (Федералдык коопсуздук кызматы) офицери Егор Поповго багытталган деп санашат. Поповдун жетекчиси ФСБнын 2-кызматынын башчысы Алексей Суходолов болгон.

Ондогон барактан турган мындай каттар АКШ бийлигинин колуна тийип, соттук териштирүүдө ачыкка чыкты. Бул каттар ФСБнын офицерлери америкалык активисттер менен иштөөнү координация кылганын көрсөтөт. Ал активисттердин айрымдары ушул тапта Флорида штатындагы сотто жооп берүүдө.

Чуулгандуу каттардан үзүндүлөр гана соттун айыптоо корутундусуна камтылбаса 40ка чукул барактан турган документ мурда эч жерге жарыяланган эмес.

Кошмо Штаттардын саясатын талдаган ФСБнын кызматкерлеринин катынан өз өкмөтүн сындап, ФСБдагы бюрократияны, Кремль душман санаган көз карандысыз медиа каражаттарын, Орусиянын Украинага ар тараптан кол салганын кеп кылышканы сезилет.

Ионов, Попов, Суходолов жана ФСБнын дагы эки кызматкери Евгений Висторповский жана Алексей Митягин "АКШнын ичинде ажырым салуу маскатында ФСБга маалымат берип турган" бир катар америкалык активисттер менен иштешкен болушу ыктымал.

Ионовдун жана ФСБнын кызматерлеринин аты-жөнү аныкталып, Попов менен Суходоловго АКШнын Юстиция министрлиги былтыр айып таккан. Алардын ичинен кимдир бирөө америкалык соттун алдында жооп берери дээрлик мүмкүн эмес.

2022-жылы 29-июлда АКШнын прокурорлору биринчи айыптоо корутундусун жарыялаганда Ионов Поповго "шайтан алгырдыкы" деп жымсалдаган кат жиберген.

«Телефонду ыргытып ий», - деп жазган.

iCloud: Сакталган каттардын изи

Ионовдун ФСБдагы кураторлорунун жардамы менен мурун кылган бардык аракети 2022-жылдын июлундагы 24 барактан турган айыптоо корутундусу жазылса, 10 айдан кийин экинчи айыптоо чыккан.

21-августта Флориданын сотунун протоколунда каттардын стенограммасы толук берилген. Ага удаа эле ФСБ менен кызматташкан деп айыпталган америкалык активисттердин соту башталды.

Активисттердин бири Пенни Хесс стенограммаларды сот ишине колдонууга болбой турганын айтып, "ушакка байланган далилдер" деп сыпаттады.

АКШнын прокурорлору "Ионов ФСБнын атынан америкалык активисттер менен кызматташкан деп таап, бул кылмыш ишиндеги олуттуу элемент" экенин белгилешет.

Каттар "айыпталуучуларды өздөрүнүн сөзү менен айтканда "АКШнын ичине ажырым салуу" үчүн ФСБга маалымат берип турган кутумдун ажырагыс бөлүгү" дешет прокурорлор.

Ишти карап жаткан Флорида штатынын Тампа шаарынын прокуратурасы каттарды камтыган файлдарды сотко Юстиция министрлиги бергенин ырастады. Талап боюнча кылмыш ишиндеги бардык далилдер соттогу экинчи тараптын адвокаттарына да берилиши керек.

Прокуратуранын басма сөз өкүлү каттар кайдан алынганын, балким америкалык атайын кызматтар ФСБнын кызматкерлеринин телефондорун бузуп киргени тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Сотто колдонула турган далилдердин тизмеси, чаттарды коштогон мета маалыматтар көрсөткөндөй, АКШнын бийлиги каттардын орчундуу бөлүгүн Apple сервисиндеги iCloud'да сакталган кошумча көчүрмөдөн алган.

Ионов менен Попов iPhone телефонун колдонуп, каттарынын айрымдарын, анын ичинде WhatsApp аркылуу жазышканын Apple серверлерде сакташкан. АКШнын прокурорлоруна соттун санкциясынын негизинде ал чаттарды алууга мүмкүнчүлүк ачылган.

"Свобода" радиосу комментарий сурап Ионовго жана соттук протоколдордо аты-жөнү аталгандарга телефон чалды.

Ионов менен Суходоловдун телефондору өчүрүлгөн болсо, Поповдун телефону автоматтык жооп бергичке түшүп, кечирээк кайра чалууну айтты.

Журналисттер Висторопский деген эркекке аты-жөнүн айтып кайрылганда, ал ошол киши экенин тастыктаганы менен суроолорду укканда телефонун коюп салды. Митягин дегендин номуруна чалганда, бирөө жарым шакаба чегип жатпасын деп, кабарчынын аты-жөнүн сурап туруп, ал дагы телефонун басып койду.

"Аларды эмнеге кыргынга салып беришти?"

Ионовдун Калифорнияда сепаратизимди жактаган активизмди өөрчүтүүгө багытталган иши негиздүү документтештирилген.

Болжол менен бир ай мурун Ионов Калифорниядагы активисттер менен жүргүзгөн ишине маашырланып турганда Попов ага Сакраменто шаарындагы Калифорния штатынын Өкүлдөр палатасында пландалган марштын "сүрөттөрүн жибер" деп жазган. Попов аз эле америкалык маалымат агенттиктери бул окуя тууралуу жазганына ичи чыкпай калган.

«Жалгыз ушул макаланы эле көрдүм», - деп Попов жазган.

Эки аптадан кийин, марттын башында Попов Ионовду Москвадагы ФСБнын 2-кызматынан анча алыс эмес жердеги кафеге жолугушууга чакырган.

Попов ошондой эле анын жетекчиси Суходолов Ионовго жолуккусу келип жатканын айканда Ионов агынан жарылган.

"АБга бир жагынан ачуум келет", - деп Суходоловдун өзүнүн жана атасынын аттарынын баш тамгаларын жазып.

"Ал чалмакейди чалып жатат. Мага бул такыр жакпайт. Мен өзүмдү кармай албай калышым мүмкүн. Анан чыр чыгып кетет".

"Алар биздин акчабызды кесип салышты, бул - факт", - дейт Ионовду тынчтандырууга аракеттенген Попов. "Башка күн тартиби, башка кишилер, дагы көп нерсе бар. Антпе, ал жакшы киши, болгону ал бизге баарын айта албайт. Аны жетекчилик чектеп турат".

Ушул тапта Флориданын федералдык сотунда каралып жаткан иште америкалык активисттер: төрт эркек жана бир аял бар. Алар "АКШдагы Африканын элдик социалисттик партиясы" деп аталган эч ким билбеген саясий топтун мурунку жана азыркы мүчөлөрү. Алардын айрымдары "Ухуру кыймылы" деп аталган топко кирет.

Прокурорлор жикчил активисттер Ионов жана ал аркылуу ФСБнын кызматкерлери менен баарын билип туруп иштешкен деп санашат. Ионов кеминде алардын биринин 2025-жылы Москвага өзү уюштурган конференцияга келген сапарынын чыгымын төлөп берген. Алардын баары коюлган айыптарды четке каккан.

Ионов ошондой эле чагымчыл топко протестке чыкканда плакатка эмне деп жазуу керектигин кеңеш берген болушу ыктымал. Айыптоо корутундусуна ылайык, ал бир нече активистке Сан-Францискодогу "Метанын" штаб-квартирасына барып протест уюштурууга 3000 доллар төлөп берген. Алар 2022-жылы 24-февралда Москва Украинага согуш ачкандан кийин Фейсбук орусиячыл постторду чыгарууну токтотуп койгонуна нааразылык билдирмек.

Чаттардан айгинелегендей, Ионов Попов менен көбүрөөк жазышып, Суходолов менен анчалык кабарлашкан эмес. Ал сүрөттөрдү, жаңылыктардын шилтемелерин, алтургай онлайн-фотоальбомдорду салып турган.

Орусия Украинага кол салгандын эртеси Москвадагы бийлик башындагылардын согушка байланыштуу ыйкы-тыйкысы, ага кошумча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун кызынын "Согуш болбосун!" деп жазганын комментарийлеген.

«Песков акылынан адашты», - деп Суходоловго жазса, уга удаа эле «Шайтан алгырдыкы, баары адашты» деген кат жөнөткөн.

Экөө ошондой эле кол салуунун алгачкы күндөрүндөгү кармашты, орус десанттары Киевдин түндүгүндөгү аэропортко түшүүгө аракеттенгенин талкуулап, украин аскерлери тездик менен коргонууну уюштуруп, десанттар көп жоготууга учурагынын, операция ишке ашпай калганын талкуулашкан.

«Аларды эмнеге кыргынга салып беришти?» - деп Суходолов Поповдон сураган. «Алардын артын бекемдөөчү күч кайда? Бул тактикалык катабы?»

"[Коргоо министрлигине] чалып, билип ал", - деп Попов жооп берген.

"Арабдардын шектүү телефону"

2019-жылы апрелде АКШда орусиялык Мария Бутина 19 жылга эркинен ажыратылган. Ага Юстиция министрлигинде "чет элдик агент" деп катталган эмес деген айып тагылган. Бутина Кошмо Штаттарда бир нече жыл жашап, америкалык саясий фигуралар, көбүнчө республикачылар менен достошкон.

АКШда өкүм чыккандан болжол менен бир жумадан кийин Бутинанын адвокаттарына акча чогулткан Ионовдун Москвада орус жаранын бошотуу үчүн маалымат жыйын өткөргөнүн талкуулашкан.

Ионов Москвадагы ондогон кабарчы катышкан маалымат жыйындын онлайн фотоальбомунун шилтемесин салган.

"Бутина тууралуу жаркыраган материал! Сен азаматсың", - деп жазган Попов Ионовго.

Мария Бутина АКШда абактан бошонуп, Орусияга депортацияланып келаткандагы сүрөт, 26-октябрь, 2019-жыл
Мария Бутина АКШда абактан бошонуп, Орусияга депортацияланып келаткандагы сүрөт, 26-октябрь, 2019-жыл

Ал эми Ионов менен Бутинанын финансылык байланыштары тууралуу америкалык The Atlantic басылмасы жазып чыккандан алты аптадан кийинки катта башкача маанай байкалат. Ионов анын шилтемесин ФСБдагы кураторуна жиберген.

"Мен бул тууралуу билдирбейм! Сени 2016-жылы шайлоого кийлигишкенин мойнуна алган Бутинанын калкалоочусу деп жатат", - деп жазган Попов Ионовго. "Алар сепаратисттик конференцияларды (Москвада өткөн "Улуттар диалогун" ишарат кылып) да белгилешиптир. Эми алар сага санкция салат".

Үч жылдан кийин АКШнын Каржы министрлиги Ионовду "кара тизмеге" киргизген.

2022-жылы 29-июлда баштапкы айыптоо тууралуу сүйлөшүп жатканда Попов Ионовдун телефонун бузуп киришкенин же кимдир бирөө ачканынан шек санап, "телефонуңду ыргытып сал" деп кеңеш берген.

"Арабдар силерге шектүү телефон бергенин айткам", - деген Попов.

Каттардан Попов "шектүү телефон" тууралуу айтканда кимди ишарат кылганы түшүнүксүз. Ионовдун Ливанда жана Сирияда ишкердик байланыштары болгон.

"Ал эбактан бери эле жок", - деген Ионов, - "Бул менин экинчи телефонум".

"Саясий ажырым - алсыздык"

Ондогон жыл мурунку тарыхка кылчайсак, советтик жана орусиялык атайын кызматтар чет элдик өкмөттөргө, Батыштагы жана башка мамлекеттерге тополоң салуу үчүн дезинформациянын жардамы менен коомдук пикирди бурмалаган.

1980-жылдары советтик КГБ АКШ биологиялык курал ойлоп табуу долбоорун жүргүзүп жатып, СПИДди пайда кылган вирусту жасаган деген шектенүүнү жайылткан.

2016-жылкы АКШдагы президенттик шайлоодо орус өкмөтү менен байланышкан "троллдор" толтура онлайн "фейк кишилерди" түзүп, социалдык медиада ажырымды күчөтүп турган.

"Бул өнөктүк америкалыктарды социалдык, идеологиялык жана расалык айырмачылыктары боюнча бөлүп-жарып, чыныгы турмушту бурмалап, шайлоодо Москва жактырган талапкерди колдоону жылма ишке ашырууга багытталган", - деген бүтүмгө АКШ Сенатындагы Чалгын комитети келген.

4-сентябрда Флоридада сот башталгандын эртеси АКШ бийлиги орусиялык компанияларга каршы санциялар, башка чектөөлөр киргизилгенин жарыялады. Вашингтон аларды шайлоо өнөктүгүндө америкалыктардын пикирин бурмалоого аракеттенүүдө деп айыптады. Мамлекеттик департамент RT (Russia Today) баштаган мамлекет каржылаган беш маалымат агенттикке жаңы чектөөлөр киргизилгенин билдирди.

Юстиция министрлиги RT каналынын эки кызматкери Теннесси штатындагы медиа-компанияны пайдаланып, дезинформацияны жана пропаганданы жайылтууда деп, кылмышка айыптады.

Кевин Риле - Лондондогу Брюнел университетинин окумуштуусу, "Орусиянын ФСБсы" деп аталган китептин автору.

"Орусия өзүнүн каршылаштарында, айрыкча Кошмо Штаттарда коомдогу ажырымды күчөтүү үчүн "саясий бөлүнүп-жарылуу - алсыздык" деген философияны пайдаланып, колунан келгендин баарын жасайт", - дейт илимпоз.

ФСБнын 2-кызматы АКШдагы солчул саясий активисттерге эле назар салган эмес.

Юстиция министрлиги сотко берген документтерден жана башка булактарда, ачык маалыматтарда Наталья Бурлинова деген ысым учурайт.

АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу (FBI) Наталья Бурлиновага издөө жарыялаган, 17-апрель, 2023-жыл
АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросу (FBI) Наталья Бурлиновага издөө жарыялаган, 17-апрель, 2023-жыл

2023-жылы америкалык прокурорлор Бурлинованы көп жыл бою Батыштын жаш адистерин азгырып, аларга Орусиянын тышкы саясатын жакшы көрсөтүүгө аракеттенген деп айыпташкан.

Бурлинова АКШнын чоң университеттеринде академиялык жана студенттик жамааттар менен жолугушуп, конференцияларды өткөргөн. Университтердин жаңы бүтүрүүчүлөрүн Москвадагы семинар, лекцияларга катыштыруу үчүн чыгымын көтөргөн. Андай иш-чаралардын бирине 2010-жылы АКШда "мыйзамсыз" жүрүп, чындыгында ФСБнын калкалоосунда болгон, 2010-жылы Кошмо Штаттардан чыгарылган орусиялык жаран да катышкан.

АКШнын Каржы министрлиги билдиргендей, мындай иш-аракеттердин баарын Попов менен Суходолов координациялап турган.

XS
SM
MD
LG