Украинанын борбору Киевде учкучсуз аппараттын сыныктары турак жайга түшүп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу шаардын мэри Виталий Кличко Telegram каналына жазды.
Анын сөзүнө караганда, алардын бири ооруканага жаткырылып, экинчисине медициналык жардам көрсөтүлдү.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы борбордун Святошина районунда дрон чабуулунан улам чыккан өрт өчүрүлгөнүн кабарлады. Куткаруучулар өрт чалган үйдүн 18 тургунун коопсуз жайга алып чыкканы, бир адам жабыркаганы айтылды.
Киев шаардык аскер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орусиянын учкучсуз учактарынын сыныктары Киевдин Соломенск, Святошинск жана Днепровск райондоруна да түшкөн.
Андан тышкары 1-ноябрдын кечинде Орусиянын дрону Сумы облусунда 9 кабат үйгө тийип, беш адам жараат алды. Алардын арасында кош бойлуу аял бар. (BTo)
Дагы караңыз
Сербияда темир жол бекетиндеги кырсыктан каза болгондор 14 адамга жеттиҮч өлкөнүн элчиликтери кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырдыМинистр Бейшеналиев лицензиясы жок клиникаларды текшере албай жатышканын айтты1-ноябрь: Активист айыпка жыгылды, Испанияда селден өлгөндөр 200дөн аштыИспанияда селден каза болгондор кеминде 205ке жеттиМакрон Молдова элин Еврошаркетке карай жолун улантууга чакырды