Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

1-ноябрь: Активист айыпка жыгылды, Испанияда селден өлгөндөр 200дөн ашты


Афтандил Жоробеков. Архив
Афтандил Жоробеков. Архив

1-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Активист Жоробеков 70 миң сом айыпка жыгылды

Бишкектин Ленин райондук соту 1-ноябрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып кылмыш иши козголгон жарандык активист Афтандил Жоробековду күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салды. Ага Кылмыш жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) 1-бөлүгү (“Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен”) менен айып тагылган. 40 жаштагы активист мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып 2023-жылы 9-декабрда камалып, 2024-жылы 15-июнда үй камагына чыккан. Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртөн.

Ташов тергөө абагынан соттун чечими жок эле которулганы айтылды

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганы кабарланды. Бул тууралуу 1-ноябрда Бишкек шаардык сотунда ишкердин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум болбой калгандан кийин адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди. 30-октябрда ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Бул окуядан кийин атайын кызмат Имамидин Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн денесине өзү атайын залал келтиргенин, ал Бишкектеги №1 тергөө абагына которулганын маалымдаган. Ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

Баасы 300 миллион сом деп бааланган маңзат алынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте чет өлкөлүк жаран 7-октябрда 67 килограммдан ашык метамфетамин баңгизаты менен кармалганын 1-ноябрда билдирди. Атайын кызматтын берген маалыматына ылайык, маңзаттын жалпы баасы 300 миллион сом деп бааланган. УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен “Пакистан – Ооганстан – Өзбекстан – Кыргызстан” маршруту боюнча метамфетамин баңги каражатын өзгөчө көп өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун ишине бөгөт коюлганын кабарлады. Кармалган шектүү жогорудагы маршрут боюнча Кытайдын Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетамин баңгизатын жөнөтүүнү уюштурганы аныкталган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

12 жылдык билим берүү системасы боюнча концепцияны бекиди

Министрлер кабинети 30-октябрда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча концепцияны бекитти. Ага ылайык, мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. Балдар мектепке 6 жаштан тартып бара баштайт, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Концепция боюнча 12 жылдык билим берүү жаңы эрежелерге мугалимдерди даярдоо, окуу стандарттарын жана программаларын түзүү, ыңгайлаштыруу, мектептердин инфраструктурасын жаңылоо болуп отуруп бир нече жылдын ичинде толук ишке ашат. 2025-жылга чейин билим берүү стандарттары, программалар жаңыланат, мугалимдер окуудан өтөт. 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй башташат. 12 жылдык мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестат 2027/2028-окуу жылынан баштап берилет.

Испанияда селден каза болгондор 205ке жетти, үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Испанияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды, ондогон адам дайынсыз болууда. Куткаруучулар сууга аккан автоунаалар менен жабыркаган үйлөрдөн кишилерди издөө иштерин улантып жатат. Бийлик бир күн мурун машинелерден жана турак жайлардын чатырларынан 70ге жакын киши куткарылганын билдирди. Куткаруу иштерине миңден ашык аскер кызматкери тартылды. Валенсия аймагынын тургундары жергиликтүү бийлик сел каптоо коркунучу тууралуу эскертүүнү кеч берген деп сынга алышууда. Бул жолку сел Испанияда 1973-жылдан берки эң чоң жаратылыш кырсыктарынын бири болуп калды. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырып жатышат. Быйыл күз башталгандан бери Европанын бир нече өлкөсүн суу каптап, ондогон адамдар набыт болду.

Газада Израилдин соккуларынан 60тай кишинин өмүрү кыйылды

Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү медицина мекемесине таянып дагы ондогон киши жараат алганы кабарлады. Жумага караган түнү жана эртең менен сектордун борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагеринин аймагына, ал-Завайда шаарына жана түштүк тилкедеги Дейр-ал-Балах шаарына чабуул коюлганы маалымдалды. Израил Газанын борбордук бөлүгүндө жана түндүктөгү Жабалия районунда террорчулардын очогун жок кылганын билдирди. 1-ноябрда Израил Ливанга да соккуларын кайрадан улантканын, бир апта тыныгуудан кийинки чабуулдан он чакты жерде жарылуу болгонун, өрт тутанганын, бутага борбор калаа Бейруттун чет жакасы алынганын жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашты.

Украинада чабуулдан жайкын тургундар жабыркады, Түндүк Корея Москвага колдоосун ачык билдирди

Херсон облусунда 19 калктуу пункт аткыланганын, билим берүү мекемеси жана бир нече үй кыйраганын, бир жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылганын, дагы 13 киши жараат алганын аскердик администрация башчысы Александр Прокудин кабарлады. Харьков облусунда да бир нече айылга чабуул коюлганын, эки киши жараат алганын, бирөө каза болгонун жергиликтүү бийлик башчысы Олег Синегубов маалымдады. Мындан тышкары Днепр аймагына "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен сокку урулганы айтылды. Ал тапта Түндүк Корея Орусиянын Украинага каршы согушуна жардам берерин расмий жарыялады.

Сербияда вокзалдын чатыры урап, кеминде сегиз адам каза болду

Сербияда Нови-Сад шаарында кеминде сегиз адамдын өлүмүнө алып келген кырсыктын себеби иликтенүүдө. 1-ноярда аталган шаардын темир жол станциясынын кире беришинде чатырдын бетон бөлүгү урап түштү. Катуу жараат алган дагы кеминде төрт киши оор абалда ооруканага жеткирилгенин, уранды астында да адамдар бар экенин, куткаруучулар иштеп жатканын Сербиянын ички иштер министри Ивица Дачич билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, станциянын имараты жакында эле жаңыланган. Нови-Сад Сербиянын экинчи ири шаары.

Казакстанда журналисттерди чектеген эрежеге каршы соттук териштирүү башталды

Астананын район аралык соту журналисттердин Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигине каршы доо аразын кароого 31-октябрда киришти. Сотко кайрылган журналисттер жаңы эрежелер өлкөдөгү сөз эркиндигин, кабарчылардын тоскоолдуксуз иштөөсүн чектей турганын айтып жатышат. Ал эми министрликтин өкүлдөрү эч кандай чектөө жок экенин билдиришти. Министрликтин жаңы эрежелер тууралуу буйругун жокко чыгаруу талабы коюлган арыз менен сотко журналисттер тобу октябрь айынын ортосунда кайрылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG