Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:06

Министр Бейшеналиев лицензиясы жок клиникаларды текшере албай жатышканын айтты


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынгандыктан лицензиясы жок иштеп жаткан менчик клиникаларды текшере албай жатышканын билдирди.

Бул тууралуу ал 1-ноябрда Жогорку Кеңеште өлкөнүн 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга республикалык бюджети боюнча парламенттик угуу учурунда суроолорго жооп берип жатып айтты.

“Лицензиясы жок 2080 жеке менчик ишканалар бар. Алар санитардык, гигиеналык талаптарга жооп бербейт. Мен биринчи жолу министр болгондо аларды текшерип чыкканбыз. Айрымдарына айып салып, кээ бирлерин жапмакпыз. Бирок президенттин ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган буйругу бар. Ушундан улам Башкы прокуратура мындай текшерүүлөргө уруксат бербейт. Азыр өкмөткө бир ай убакыт бергиле деп кат жазып атабыз. Бир айда текшерип чыгат элек”, - деди министр.

Быйыл 9-январда президент Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов 15-январда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде 2023-жылдын ноябрь-декабрь айларында Бишкек шаары, Ош жана Чүй облустарында 626 жеке менчик клиника текшерилип, 251 ишкерге 1 млн 500 миң сом айып пул салынганын айткан.

Кыргызстанда лицензиясыз эле медициналык кызмат көрсөткөн клиникаларга кайрылып, майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар катталган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG