Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:10

Испанияда селден каза болгондор кеминде 205ке жетти


Испания. Валенсия.
Испания. Валенсия.

Испанияда сел каптаган аймакта каза болгондор кеминде 205ке жеткенин 1-ноябрда Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү бийликке таянып кабарлады. Куткаруучулар барууга мүмкүн болбой калган жерлерге жетүүгө аракет кылып, каза тапкандардын сөөгүн убактылуу өлүкканаларга жеткирип жатышканы маалымдалып, мындай апаат Европада соңку элүү жылдан бери биринчи жолу катталганы белгиленүүдө.

Өлкөнүн чыгышындагы Валенсия аймагында өзгөчө оор абал түзүлүп турат. Аман калгандарга жардам берүү, дайынсыз жоголгондорду издөө иштерине бул жерде 500дөй аскер кызматкери көмөктөшүүдө.

Бийлик өкүлдөрү курмандыктар саны мындан да көбөйүшү ыктымал экенин эскертишти.

Ушунчалык оор кесепетке алып келген сел каптоо Испаниянын жаңы тарыхында боло элек эле.

Суу каптаган аймактын үстүнөн дрон менен тартылган видеодон жана сүрөттөрдөн темир жолдорго барып такалып, топтолгон унаа каражаттарын, кайыктарды көрүүгө болот.

Шаршембиде башталган нөшөрдө жаан-чачындын бир жылдык нормасы сегиз саат ичинде жаап, үйлөр, дүкөндөр, мектептер жана башка маанилүү инфраструктура жарактан чыкканы, 75 миңдей абонент электр жарыгысыз отурганы кабарланды.

Европада буга чейин эң көп адам каза тапкан суу каптоо Румынияда 1970-жылы болгон. Анда 209 өмүр кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG