Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:39

Сербияда темир жол бекетиндеги кырсыктан каза болгондор 14 адамга жетти


Нови-Сад шаарындагы кырсык болгон темир жол станциясы.
Нови-Сад шаарындагы кырсык болгон темир жол станциясы.

Сербиянын Нови-Сад шаарында темир жол станциясынын кире беришиндеги чатырдын бетон бөлүгү урап, андан каза болгондордун саны 14 адамга жетти. Дагы 30дай киши жаракат алды.

Сербиянын ички иштер министри Ивица Дачич 1-ноябрда болгон кырсыктан каза тапкандар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

Сербиянын премьер-министри Милош Вучич кырсыктын себептери иликтенип, күнөөлүүлөр жазасын аларын убада кылды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.

2-ноябрда Сербияда улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Айрым маалыматтарга караганда, станциянын имараты жакында эле жаңыланган.

Нови-Сад Сербиянын экинчи ири шаары. Сербиянын борбору Белграддан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Нови-Саддагы темир жол бекети 1964-жылы курулган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG