Блинкен Түндүк Кореянын 8 миң аскери Курск облусунда экенин айтты

Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бейшембиде Орусияда Түндүк Кореянын 10 миң аскери жүргөнүн, анын 8 миңи Курск облусуна жайгашып, жакын арада Украинадагы согушка тартылат деп күтүлүп жатканын билдирди. “Америка авазы” радиосу ал Кытайды таасирин колдонуп Пхеньянды Украинадагы согушка аралашуудан токтотуп калууга чакырганын жазды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Орусия Түндүк Кореянын аскерлерине учкучсуз аппараттарды колдонууну үйрөтүп жатканын айтты.

Түндүк Корея ушул эле күнү заманбап, континенттер аралык баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнүн жарыялаган. Жапониянын Коргоо министрлиги ракета биринчи жолу миң метр бийиктикте 85 мүнөттөй учканын кабарлады.

Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат.

АКШ түндүк кореялык аскерлердин жаңжалга тартылышына олуттуу карап, Кремлди бул кадамдан баш тартууга чакырып жатат.

Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу элчиси Нью-Йоркто 30-октябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусия менен Түндүк Кореянын алакасы эл аралык укукка каршы келбестигин жана “үчүнчү өлкөгө каршы багытталбаганын” айтты. Василия Небензя ошондой эле түндүк кореялык аскерлердин фронтко салынганы тууралуу кабарларды четке какты.

Түндүк кореялык аскерлер Орусияга жайгаштырылганы тууралуу маалыматты алгач расмий Сеул бир нече жума мурда билдирген. Кийин бул кабарларды украин бийлиги, андан соң НАТО ырастады. (BTo)

Дагы караңыз

Президент өлкөдө кылмыштуулук 50% азайганын билдирди Саясатчы Бекназаровдун абактагы мөөнөтү 2-январга чейин узартылды Ташов УКМКнын тергөө абагынан 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганы айтылды УКМК баасы 300 миллион сом деп бааланган маңзат алынганын билдирдиКыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммити өтөт 31-октябрь: ЖАК Аспековдун айып изоляторуна камалганын төгүндөдү, Жумгалда жоголгон ата-бала табыла элек