Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте чет өлкөлүк жаран 7-октябрда 67 килограммдан ашык метамфетамин баңгизаты менен кармалганын 1-ноябрда билдирди. Атайын кызматтын берген маалыматына ылайык, маңзаттын жалпы баасы 300 миллион сом деп бааланган.
УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен “Пакистан – Ооганстан – Өзбекстан – Кыргызстан” маршруту боюнча метамфетамин баңги каражатын өзгөчө көп өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун ишине бөгөт коюлганын кабарлады.
Кармалган шектүү жогорудагы маршрут боюнча Кытайдын Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетамин баңгизатын жөнөтүүнү уюштурганы аныкталган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул кылмыш ишине тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Метамфетамин күчтүү баңгизаттардын катарына кирет.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда соңку үч жыл ичинде маңзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш иши катталган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлуп, маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммити өтөт Ташов УКМКнын тергөө абагынан 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганы айтылды 31-октябрь: ЖАК Аспековдун айып изоляторуна камалганын төгүндөдү, Жумгалда жоголгон ата-бала табыла элек АКШ Кыргызстанда жайгашкан компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салдыКазак компаниясы Орусияга жабдык ташыган деген негизде АКШнын санкциясына кабылдыПхеньян баллистикалык ракета сынаганын жарыялады Казакстан: Каспийде бир жумада 300дөй түлөн кырылды