Чүй облустук соту 30-октябрда тогуз жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталган жаранга карата Сокулук райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Кабарчыбыздын маалыматына караганда, сот жабык өтүп, журналисттер киргизилген жок.
Райондук сот Сокулук районунун 40 жаштагы тургунун кошунасынын кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыптап, сегиз жылга эркиндигинен ажыраткан.
Кыздын ата-энеси райондук соттун чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган. Алар кызы зордукталганын айтып, иштин беренесин которууну, айыпталуучунун жазасын катаалдатууну суранган.
"Акыркы соттук процессте кызым психологго баарын айтып берди. Биз облустук сотко апелляциялык доо арыз жазып, “Зордуктоо” беренеси менен камалышын талап кылганбыз", - деди кыздын апасы Айжаркын Мамытбек кызы. Ал айыпталуучунун жакындары ушул күнгө чейин басым кылып жатканын кошумчалады.
Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Элиза Шалбаеванын айтымында, быйыл жети айда балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча 95 кылмыш иши козголгон.(AiG/ZKo)
Дагы караңыз
УКМК Ташов абакта кыйноого кабылды деген маалыматты четке какты Киевде дрон чабуулунан тогуз киши, анын ичинен бир бала жараат алдыЗурабишвили Грузиянын европалык багытын коргоого көмөк сурадыИзраилдин палестиндерге жардам берүүчү UNRWA уюмун чектеген чечими сынга кабылды"Уулумду Орусияга өткөргөнү жатышат". Согуштан качкан кыргыз жигит абакка түштүМилициянын видеосун жарыялагандарды жазалоо долбоору артка кайтарылды