Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

Киевде дрон чабуулунан тогуз киши, анын ичинен бир бала жараат алды


Киев.
Киев.

Украинанын борбор калаасы Киевде 30-октябрда Орусиянын учкучсуз учактарынын чабуулунан кеминде тогуз киши жараат алды. Бул тууралуу Telegram каналы аркылуу шаардын аскердик администрациясы кабарлады.

Бутага Соломенский району алынганы, көп кабат үйлөрдүн бириндеги бир нече батирде өрт чыкканы, 18 киши эвакуация болгону, жараат алган тогуз кишинин бири бала экени маалымдалды.

Жалпысынан өткөн түнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн абадан коргонуу системалары он облустун (Киев, Черкасск, Хмельницкий, Харьков, Запорожье, Донецк, Днепропетров, Сумы, Чернигов жана Полтава) аймагына учурулган 62 согуштук дрондун 33үн атып түшүрүүгө үлгүргөнү маалым болду.

Ал тапта АКШнын Коргоо министрлиги Орусия Түндүк Кореядан барган аскерлердин айрымдарын Украина менен чектешкен Курск облусуна жеткиргенин 29-октябрда ырастап, алар украин аскерлерине каршы согушка салынышы ыктымал экенин эскертти.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден түндүк кореялык аскерлер Курскиде экендигине тынчсыздануусун билдирип, эгер Украинанын аймагына кире турган болсо, жооп катары аларга каршы ок атылышы мүмкүн экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG