Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:23

УКМК Ташов абакта кыйноого кабылды деген маалыматты четке какты


Имамидин Ташов. УКМКда кармалган учурдагы сүрөтү.
Имамидин Ташов. УКМКда кармалган учурдагы сүрөтү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергөө абагындагы ишкер Имамидин Ташов жана анын жактоочусунун билдирүүсү боюнча маалымат берди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында денесине өзү атайын залал келтирген. УКМКнын кызматкерлери 30-октябрь саат 9дагы пландуу кыдыруу учурунда Ташовдун курсагында бычак сайылган эки жараат аныкталып, мекеменин медициналык кызматкерлери "Тез жардам" кызматы келгенче тийиштүү медициналык жардам көрсөтүшкөн.

УКМК Ташов менен чогуу кармалгандардын сөзүнө таянып, ал денесине өзүндөгү устара менен залал келтирген деп кабарлады. Ишкер №4 шаардык ооруканага жеткирилип, анын абалы туруктуу деп бааланганын билдирди.

“Айрым маалыматтар боюнча, жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга атайын даярданган. И.Ташов №4 шаардык оорукананын хирургу караган учурда УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгын айтып даттанган. Бирок бул факт чындыкка дал келбейт. Муну УКМК тергөө абагынын аймагындагы видеокөзөмөл камералары тастыктап турат”, - деп жазылган билдирүүдө.

Атайын кызмат Ташовдун даттануусу боюнча прокуратурага кайрылып, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырганын, ишкер борбордун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартканын билдирди.

30-октябрда ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынан эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №21 тергөө абагына жеткирилген (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон).

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор Ташов жөнүндө маалымат таратып, ал өзүнө кол салганын, тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда өмүрүнө коркунуч жок экенин кабарлады. Улуттук борбор кыйноо боюнча арыз түшпөгөнүн билдирүүдө.

Имамидин Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген.

Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган. Сентябрь айында Ташовдун укугун коргогон адвокаттар алмашкан.

Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү буга чейин ага жолугуп чыкканы кабарланган.

29-октябрда Биринчи май райондук сотунда прокурор айыптоо актысын окуп, Имамидин Ташов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылганын” айтты. Шектүү коюлган кинелерди четке какты. Кийинки соттук отурум 12-ноябрда болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Сот аны атайын кызматтын тергөө абагына камакка алгандан бери бөгөт чарасын узартып келет. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG