Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Зурабишвили Грузиянын европалык багытын коргоого көмөк сурады


Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили Батыш өлкөлөрүн бийликтеги «Грузин кыялы» партиясына жакында өткөн парламенттик шайлоонун бурмаланган жыйынтыгын кайрадан карап чыгышы үчүн басым көрсөтүүгө чакырды. 29-октябрда “Азаттык” радиосунун грузин кызматына курган маегинде ал эгер шайлоо маселеси калыс чечилбесе Европа Биримдигине талапкер макамы бар, НАТОго да мүчө болууга умтулуп жаткан Грузия “европалык келечегинен” ажырай турганын белгиледи.

"Азыр көп нерсе биздин өнөктөштөрдүн реакциясынан көз каранды болуп турат. Алардын реакциясы канчалык так, бийликке таасир этиш үчүн канчалык күчтүү болушунан. Себеби Грузияны мына ушундай формада Орусияга тарттырып жиберүүгө эч ким жол бербеши керек. Эгер басым жасалбаса, демек, Батыш Грузияны өз тарабында, европалык келечек багытында кармап калууга аракет кылбаганы анык болот", - деди президент.

Зурабишвили жана оппозициялык партиялар шайлоодо 300 000 добуш бийликтеги партиянын пайдасына бурмаланганын айтып жатышат.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган.

Борбор калаа Тбилисиде 28-октябрдын кечинде миңдеген киши көчөгө чыгып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирген. Тынч митингге чогулууга грузиялыктарды президенти Зурабишвили чакырган. Ал "Биз орустардын атайын операциясы дейбизби, биздин элибизге, биздин өлкөбүзгө каршы жаңы гибриддик согуштун күбөсү жана курмандыгы болдук", – деп айткан.

29-октябрда АКШ, Канада жана Швеция өлкөлөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы талаш жаратып жаткан Грузиянын бийлигин сындап, жапырт мыйзам бузууларга, бурмалоого жана Москванын кийлигишүүсүнө жол берилгенин белгилешкен.

Орусия Грузиядагы шайлоого кийлигишпегенин билдирүүдө.

29-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы болжолдуу тандалган беш шайлоо участогундагы бюллетендер байкоочулардын көзүнчө кайра эсептелип чыгарын билдирди. Жалпысынан бул шайлоодо өлкөдө 84 участок ачылган.

Ал эми өлкөнүн Башкы прокуратурасы президент Зурабишвилини оппозиция жана ал өзү айтып жаткан мыйзам бузуулар тууралуу суракка чакырганы 30-октябрда белгилүү болду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG