Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Милициянын видеосун жарыялагандарды жазалоо долбоору артка кайтарылды


Коллаж
Коллаж

Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш артка кайтарды. Парламент аны 30-октябрда биринчи окууда карады. Талкуу учурунда көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоорун сынга алып, болочокто бул мыйзам укугун коргогусу келген жарандарга каршы иштеп калышы ыктымалдыгын айтышты.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, баяндама жасаган депутат Сүйүн Өмүрзаков милиция кызматкерлери мыйзам бузган учурун сүрөт-видеого тартса болорун, анын ишине тоскоолдук кылып же атайын бурмалап чыгара турган учурда гана ушул мыйзам иштерин билдирди.

Депутат Дастан Бекешев милиция бул мыйзамдан пайдаланып, "опуза" кылышы ыктымалдыгын белгиледи.

Аягында депутаттар мыйзам долбоорундагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, толуктоолорду киргизүү тууралуу депутат Нурбек Сыдыгалиевдин сунушун колдоп, долбоор күн тартибинен алынды.

22-октябрда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети долбоорду колдоп берген.

Демилгечилер соңку учурда ички иштер органдарынын кызматкерлерине баш ийбей, мазактап, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишип, каралоо үчүн сүрөт, видеого тартып социалдык тармактарга жайылткан учурлар көбөйгөнүн жүйө келтирген.

"Медиа полиси институту " коомдук фонду мыйзам долбоорунун айрым беренелери укук коргоо кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусуна алып келерин эскерткен. (MKt/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG