31-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус жылыйт.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3° , күндүз 14…16° жылуу болот.