Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Жаза аткаруу кызматы Аспековдун видео кайрылуусу абакта тартылбаганын билдирди


Мелис Аспеков
Мелис Аспеков

29-октябрда Жаза аткаруу кызматы жети жыл эркинен ажыратылып, абакта отурган Мелис Аспековдун видео кайрылуусуна байланыштуу маалымат таратып, видео №21 мекемеде (СИЗО-1) тартылбаганын билдирди.

"Активист Тилекмат Куренов социалдык түйүндөргө жарыялап жаткан Мелис Аспековдун видео кайрылуусу ал өзү айтып жаткандай Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинде тартылган эмес. Бул видео жаза аткаруу мекемесинен тыш жерде, болжол менен 2022-жылы тартылган. Азыркы кезде Мелис Аспеков №3 түзөтүү колониясында кармалууда", - деп айтылды мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергеновдун (Куренов) Фейсбук баракчасына жарыяланган чуулгандуу видео качан жана аны ким тартканы белгисиз. Видеодо Аспеков 2023-2024-жылдардагы окуяларга: кылмыш дүйнөсүнүн лидери Камчыбек Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынганына, Райымбек Матраимовдун Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилгенине токтолгон.

Абактагы активист 2020-жылы Октябрь окуяларында Бишкекте башка саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Матраимовдон "жалпысынан 3 миллион доллар алынып, Садыр Жапаровго берилгенин, анын 1,5 миллионун жеке өзү алып барып бергенин" айткан. Бирок ага эч бир далил көрсөткөн эмес.

Аспеков буга байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүнүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган болчу.

Президент Жапаровдун администрациясы жана УКМК азырынча комментарий бере элек.

Аспековдун абактан жазган делген ушул эле мазмундагы катын Куренов 26-сентябрда да Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

27-сентябрда УКМКнын төрагасы Ташиев Аспековдун каты боюнча комментарий берген. Ал 7tv.kg сайтына курган чакан маегинде Аспеков 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин чоң-чоң ишкерлерден “Садыр Жапаровго берем” деп алдамчылык менен каражат алып, аны өзү кымырып алып жүргөнү аныкталып, сот жообуна тартылганын айткан.

Аспеков абактан мындай мазмундагы катты быйыл март айында да жазган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков каттагы маалыматтардын баары жалган экенин айтып, Аспеков Октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровдун атына жамынып алып, ар кимди опузалап, акча алып жүргөнүн билдирген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту быйыл 28-февралда Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (“Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар”) менен күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыраткан. Активист бул айыптарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG