Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:18

Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салганы кабарланды


Имамидин Ташов Биринчи май райондук сотунда. 29-октябрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Биринчи май райондук сотунда. 29-октябрь, 2024-жыл.

“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салган деген жүйө менен ооруканага жеткирилгени кабарланууда.

Маалыматты анын адвокаты Самат Матцаков "Азаттыкка" ырастады. Адвокаттын сөзүнө караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалып турган ишкерди "Тез жардам" автоунаасы ооруканага алып кеткен.

"Мен бүгүн Ташовго жолугуу үчүн УКМК тергөө абагына келгем. Ал жердеги нөөмөтчү киргизбей "күтүп тур" деп койду. Ошол жерден Имамидин Ташов өзүнө кол салып, "Тез жардам" менен ооруканага алып кеткенин угуп калдым. Мен 103 аркылуу "Тез жардам" кызматына чалып, сурасам, мага УКМКнын тергөө абагына 40-45 жаштардагы эркек адам өзүнө кол салганы тууралуу чакыруу болгонун, "Тез жардам" аны шаардагы №4 ооруканага алып кеткенин ырасташты. Бирок ал өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок. Мен да азыр эле ооруканага келдим", - деди адвокат.

Адвокат Ташовдун курсагынан эки жери кесилгенин, бирок аны көрө электигин кошумчалады. Ташов ооруканадан кайра абакка жеткирилген.

УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.

“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген.

Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган. Сентябрь айында Ташовдун укугун коргогон адвокаттар алмашкан.

УКМК, Жаза аткаруу кызматы бул тууралуу комментарий бере элек. "Азаттык" аларга комментарий сурап кыйрылды.

Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү буга чейин ага жолугуп чыкканы кабарланган.


29-октябрда Биринчи май райондук сотунда прокурор айыптоо актысын окуп, Имамидин Ташов “бийликти күч менен басып алууга аракет кылганын” айтты. Шектүү коюлган кинелерди четке какты. Кийинки соттук отурум 12-ноябрда болот.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Сот аны атайын кызматтын тергөө абагына камакка алгандан бери бөгөт чарасын узартып келет.

“KG Group” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG