Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:24

Мурда Өзбекстанга караган Кара-Жантактын тургундары кыргыз жарандыгын алды


Кара-Жантак айылынын тургунударына Кыргызстандын паспортун тапшыруу учуру. 29-октябрь 2024-жыл
Кара-Жантак айылынын тургунударына Кыргызстандын паспортун тапшыруу учуру. 29-октябрь 2024-жыл

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашуусуна ылайык буга чейин Өзбекстандын Фергана облусуна караган Кара-Жантак айылы Кыргызстандын Кадамжай шаарынын курамына кошулган.

Кыргызстандын курамына кошуу боюнча макулдашууга ылайык аталган айылдын 246 тургунуна Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорттор тапшырылганын президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Аталган айылдын эли менен жолугушууга барган Баткен облусунун жетекчилиги документтерди тапшырып, айылдын социалдык тейлөө жана башка маселелерин чечүү үчүн атайын иш-мерчем кабыл алынарын айтты.

Кара-Жантак айылын Кадамжай менен байланыштырган 2,3 чакырымдык жол быйылкы жылы 28 млн сомго республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, пайдаланууга берилди.

“Кара-Жантак айылын Кыргызстанга өткөрүп алуу иш-аракеттери 2017-жылдан тарта башталып, тийиштүү комиссиялар иш жүргүзүп келген.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын 2023-жылдын 22-декабрындагы тапшырмасына ылайык, жумушчу топ түзүлүп, натыйжада Кара-Жантак айылынын тургундарынын жана турак жайларынын санын тактоо, социалдык объектилердин абалын кароо, инфраструктурасын жакшыртуу, тургундардын жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер колго алынды”, - деп билдирди облустук бийликтин маалымат кызматынан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны аяктаганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан. Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөн. Учурда эки өлкөнүн чек араларын деморкациялоо иштери жүрүп жатат. (JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG