Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

Сокулукта аялына зомбулук көрсөткөн деп шек саналып күйөөсү кармалды


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Чүйдүн Сокулук районунда аялына зомбулук көрсөткөн деген шек менен 25 жаштагы эркек кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-октябрда Сокулук милициясына денесине залал келтирилген 22 жаштагы келин райондук ооруканага түшкөнү кабарланган. Аталган факт милицияга катталып, иликтөө иштери башталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында 28-октябрда Д.К. аттуу жаран расмий никеси жок К.М аттуу аялын уруп, зомбулук көрсөткөнү аныкталган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 177- беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Буга чейин 24.kg агентиги окурмандарына таянып Сокулукта күйөөсү аялын түнү менен кыйнап, тырмагын жулуп, бычак менен сайып салганын жазган. Саламаттык сактоо министрлиги 24.kg сайтына аялдын абалы орточо бирок туруктуу экенин билдирген.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.

Ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).

Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Анда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо маселеси камтылган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG