Президент Садыр Жапаров ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Алмазбек Орозалиевди, Мирлан Каниметовду, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) мурдагы башчысы Малик Нурдиновду милициянын генерал-майору наамынан ажыратты.
Андан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Талантбек Салиев менен УКМКнын 9-кызматынын экс-жетекчиси Санжарбек Эркинбаевдин генерал-майор аскердик наамы алынды.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров 10-октябрда кол койгонун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал аскердик наамдар убагында мыйзамсыз берилген деген негиз менен алынганын айтты.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында - 2020-жылдын 14-октябрында сөз болуп жаткан беш адамга наам ыйгарган. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматтан кеткен.
2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү башаламандык менен аяктап, бийлик алмашкан. (BTo)
Дагы караңыз
Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөй киши тартылдыАба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайтТоктогул суу сактагычына 13,201 млрд метр куб суу топтолдуУКМК мэрияга өткөн “Оберон” базарлары боюнча маалымат бердиМас болуп машине айдагандардын күбөлүгүн албай, айыпты көбөйтүү сунушталдыИспаниялык футболчу Родри “Алтын топ” сыйлыгын алдыКыргызстанда 34 үй-бүлө үстөк пайызсыз насыя алды