Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:10

Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөй киши тартылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

16-октябрда мал кайтарганы кетип, дайынсыз кеткен Жумгалдын Өрнөк айылынын тургундары Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзатты издөө уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы 29-октябрда издөө иштерине 46 куткаруучу, алты дрон, Ички иштер министрлигинин 38 кызматкери жана 10 жергиликтүү тургун катышып жатканын билдирди.

Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган.

ӨКМ издөө иштери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Дайынсыз кеткен ата-баланын жакындары жана куткаруучулар аларды Көкөмерен дарыясын бойлой издеп жатат. Жергиликтүү тургундар суу жээгиндеги бадалды, дарыя айланып аккан жерлерди карап жүрүшкөнүн “Азаттыкка” айтып беришкен.

45 жаштагы Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрда мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Жакындары аларды 18-октябрдан тарта издеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19-октябрда кайрылган. Издөө начар жүрүп жатканын айтып, бийликке кайрылышкан.

Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат.

Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсыктар катталып турат. (MKt)

XS
SM
MD
LG