Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

УКМК мэрияга өткөн “Оберон” базарлары боюнча маалымат берди


“Оберон” базары. УКМК тараткан сүрөт.
“Оберон” базары. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” ишканасынын жерлеринин мамлекетке алынышы боюнча 29-октябрда маалымат берди.

Атайын кызмат “Оберон” компаниясы “Дордойдон” 6,42 гектар жана “Орто-Сайдан” 1,68 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталганын билдирди. “Оберондун” ээлери жерлерди 1998-жылы ижарага алып, кийин кызмат адамдары менен сүйлөшүп менчикке өткөрүп алганы такталганын кошумчалады.

Маалыматка караганда, тергөөдө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо берген. Бишкек шаарынын административдик жана шаардык соту жерлерди мэрияга өткөрүп берүү чечимин чыгарган.

Ошентип, 3 млрд 889 млн сом болгон жалпы аянты 8,1 гектар жер мамлекетке кайтарылды. “Оберон” базарларынан түшкөн каражат эми Бишкек шаарынын бюджетине которулат.

Мэриянын кызматкерлери 28-октябрда “Дордой” базарындагы “Оберон” ишканасына таандык базардын администрациясына барып, Бишкек шаардык сотунун чечими менен аталган базар мэрияга өткөнүн билдирген.

“Оберон” базарларынын ээси Нуржамал Байболова Бишкек мэриясы менен соттошуп, эки инстанцияда тең утулуп калганын билдирип, соттун чечимдерин акыйкатсыз деп атап, мэриянын аракетин менчик укугуна кол салуу деп баалады.

Ал күйөөсү, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов ишкер Аскар Салымбеков менен бирге эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында “Дордой” базарын түптөп, кийин 1997-жылдары алар өз үлүшүн бөлүп кеткенин айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.

Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG